Эки башка түзүмдөгү ChatGPT’лер бири бири менен адамзатты кулга айлантууну талкуулап жаткан имиш видео коомдук тармактарда таркатылып жатат. Бул роликте «гендин жардамы менен» «адамзатты кайра программалап чыгуудан» баштап «айткандан чыкпаган кулдардын армиясын түзүүгө» чейин сунуштар айтылат.
FactCheck_KG редакциясы роликтин жөн-жайын текшерип чыкты.