Бийликти сындаган жалгыз бой эне болгон активист Каныкей Аранова 3,5 жылга соттолду. Анын кызы эми туугандары менен жашоого аргасыз.
Аранованын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, кылмыш иш активистке таандык эмес, анын атын колдонгон фейк аккаунт жазган нерселерден улам козголгон. Тергөөчү ал аккаунт Каныкей Арановага таандык экенин тастыктай алган эмес.