Президент Садыр Жапаров Жогорку Кенештин депутаты Исхак Масалиевдин жергиликтүү радиолордун бирине алтын тууралуу айткан маегине жооп берди. Депутат анда бийликти сынга алып, мамлекет башчысынын бир тууган агасын да сөзгө кошуп кеткен. Белгилүү болгондой буга чейин журналист Болот Темировдун белгисиз алтын куймалары жөнүндө жарыялаган видео материалы чыккан. Адистер бул маалымат жалган экенин айтып, УКМК тарабынан да тастыкталган болчу. Деген менен кайрадан бул маселе эл өкүлү татабынан көтөрүлүп, бийлик башындагыларга сын пикирлер айтылган.