ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНГАН "ТИКТОК" ТИРКЕМЕСИ ДАГЫ ДЕЛЕ ИШТЕП ЖАТАТ. ЭМИ КАНДАЙ ЧАРА КӨРҮЛӨТ?
Кыргызстанда 18-апрелден тарта тикток социалдык тармагы иштебей калды. Бул тиркемени чектөө боюнча чечим кабыл алынганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты. Аталган ведомство мындай кат улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен келгенин билдирди. Тиктоктун айрым катталуучулары түз эфирге чыгып, жосунсуз жоруктарды көрсөтүп, коомчулуктун кыжырдануусун пайда кылган. Бирок ошол эле учурда пайдалуу видеолорду тарткан блогерлерда жок эмес эле.
trkregion (
https://t.me/trkregion)