ОН МИҢДЕН АШУУН АЙДООЧУ КҮБӨЛҮГҮНӨН АЖЫРАДЫ
Кыргызстанда бир жыл ичинде 10 минден ашуун айдоочуга унаа башкарууга тыюу салынды. Анткени мас абалында унаа башкарып кармалгандар күбөлүгүнөн ажырады. Өткөн жылдан тарта жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Алсак, унаа башкаруу укугунан ажырагандар рулга олтурса 15 миң сом айып пул салынат. Ал эми атайын кызматтык унааларга жол бошотпогондор 10 миң сом төлөйт. Ага байланыштуу рейддер жер-жерлерде жүрүп турат.
trkregion (
https://t.me/trkregion)