"Кулунум"-деп колго алып сыздаган ким,
Кур уйкудан ыргып туруп ырдаган ким?
Кучагына буруксутуп сийип койсоң,
Кубанычтан өбүп-жыттап жыргаган ким?
Ооруп калсаң соолуп жүрөк ыйлаган ким,
Ооматынан шайы кетет кыйрап аттиң.
Онтоо гана жарып ийет ал жүрөгүн,
Онтоо үчүн бир энеңдей кыйналат ким?
Сендей болбос көкүрөгүн тытмалаган,
"Секетим"-дейт кучак жайып жык талаадан.
Алты саны сыздаса да эне жүрөк,
Андагы дарт бир жылмайсаң тып тараган.
Бир себепсиң! Мээрим менен сүйүүдөгү,
Бир себепсиң! Өлүү менен тирүүдөгү.
Азап жоктур балапанын жоготуудан,
Артка тартпас "ажал" уусун ичүүдөгү.
Башка жандар бир энеңдей сүйүнөбү,
Башка түшсө эрдин тиштеп күйүнөбү?
Арманыңды жетпей калган дүйнө уксун,
Апакеңдин кабагындай түйүлөбү?
Жоктук кылбайт бала үчүн энелер дейт,
Жомок өңдүү ал жашоону ченеп бербейт.
Апаң барда ал кучагы ысык болот,
Апаң барда ички дүйнөң теребелдейт.
"Бейиш" деген ошол үчүн таманын да,
Бирдей көрөт жакшысын да жаманын да.
Эрте узап дүйнө менен кош айтышсаң,
Эрте таңдан жашы болуп агасың да.
Ошол үчүн энелер көп жашасында!!!
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев