Бүгүн, 25-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндө дагы бир мектептин курулушу аяктап пайдаланууга берилди. “Түрк-Абад” айылына билим уядан сырткары кыз-келиндер үчүн тигүү цехи, фап жана мечит салынды. 275 орунга ылайыкташкан эки кабатуу имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Бүткүл дүйнөлүк Мусулман жаштар ассамблеясынын мүдүрү Мохаммед Мады жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Элеттиктердин кубанычына себепкер болгон социалдык обьектилер менен биздин чыгармачыл топ да жеринен таанышып келди.
trkregion (
https://t.me/trkregion)