Баткен районунда алгачкы жолу электрондук добуш берүү ыкмасында шайлоо өткөрүлдү. Чек арага жакын Самаркандек, Актатыр жана Аксай айыл аймактарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп, ага ички жана сырткы мигранттар турган жеринде эле атайын тиркеме аркылуу добуш беришти. Пилоттук ыкма ийгиликтүү сынактан өтсө, өлкөнүн башка аймактарында да колдонулушу күтүлүүдө.