АТА-ЭНЕМ
Алпештеп бала кезимден,
Мээримге бөлөп терметкен.
Картайып улам баратат,
Жыл өткөн сайын ата-энем.
Адалдан тамак жедирген,
Атанын уулу дедирген.
Тарбия берип чоңойтуп,
Картайып барат ата-энем.
Кечирген ката кетирсем,
Кемимди бүтөп бекиткен.
Азыр да айтып насаатын,
Акылга акыл ата-энем.
Тагдырга кейип кетем мен,
Агарган чачын эстесем,
Болгондо мүмкүн бермекмин,
Жаштыгым сага ата-энем.
Оорусам алыс кетпеген,
Ооруума шыпаа издеген.
Унутуп кайгы-капасын,
Биз үчүн жашайт ата-энем.
Небере үйлөп, кыз берген,
Үйүмдүн төрүн ээлеген,
Тирегим менин ата-энем,
Жараткан өмүр берсе экен.
текст- 29.06.2022 20:54
мрз - 11.09.2022 11:00
© Гүлзат Кудайбердиева
Обону: Жеңгиз Мырзакулов
Аткарган: Кубатбек Курманбеков