Жогорку Кеңеште буга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалды. Автору - депутат Махабат Мавлянованын айтымында, документ күчүнө кирсе насвай өндүрүүгө жана саткандарга айып салынат. Эгерде андай адат кайталана турган болсо, айып пул дагы көтөрүлөт. Мындай мыйзам долбоорун даярдоого Кыргызстанда ооз көңдөй рагы менен ооругандардын саны жылдан жылга өсүп бараткандыгы себеп болгон. Алсак онкологиялык борборго мындай илдет менен кайрылгандардын 80% насвай атаары аныкталган.