Оозантып бак-таалайдын ширесинен,
Багымды тилеп жүргөн ата-энем.
Бир күндүк мээнетиңе эмне татыйт?
Карызымды кутулуп берем десем?
Түйшүгүң, түпөйүлүң, билем, сезем,
Айта албайм жакшы сөзүм тилим менен.
Дилимде эчендеген туйгун жатат,
Дилдеден артык ойлор силер деген.
Жагдайын мен деп такыр унуткарган,
Толуктап кемтигимди көнүп калган.
Жыртылган кийим менен жүрсө дагы,
Балам деп базар басып буюм алган.
Дүйнөмдү, берип барын бүтүн кылган,
Аягы жок мээримине жаным курман.
Жер-ай да экөөңүздөн кичинерээк,
Эсептесе келбей калат жарымынан.