КЫЗГАНАМ
Жалынына от сүйүүмдүн жашырып,
Көзүңүздү көрсөткүм жок өзгөгө.
Жаныңызда жүрүп деле кызганам,
Менден мурун күн шооласы өпкөндө.
Сиз жөнүндө ойлогондо ар убак,
Жылуу шамал орогонсуйт далымдан.
Сүйөөрүмдү ал да сезген туюлат,
Айтор, чачым сылап кетпейт жанымдан.
Демиңизден сиздин алып жылуулук,
Дүйнөм гүлдөп айланганда көктөмгө...
Жок... Жок... өзүм сүйүү болуп кубулуп,
Жашап калсам деймин сиздин жүрөктө.
Жаныңызда жүрсөм деле кызганам,
Күндүн нуру жүзүңүздөн өпкөндө.
Автор: Гүлзат Кудайбердиева