ламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылынан 4 жаштагы кызды сүзүп кеткен унаанын 16 жаштагы айдоочусу кармалды. Катуу ылдамдыкта бара жаткан «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.
Бишкек ШИИБдин билдирүүсү боюнча, 10-июнда саат 16:30да айылдын Сары-Челек көчөсүндө 4 жаштагы кызды унаа сүзгөнү тууралуу маалымат берилген. Көп узабай милиция кызматкерлеринин ыкчам тобу ошол аймактагы гараждардын биринен кызды сүзгөн унааны таап, анын 16 жаштагы айдоочусун кармады. Белгилүү болгондой, өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү болгон эмес.
Учурда унаа айып жайга токтотулуп, шектүүгө карата чара көрүү маселеси каралып жатат.
Борбордогу №3 балдар ооруканасындагы башкы дарыгердин орун басары Данияр Шайбеков жабырлануучу — 2013-жылы туулган А.А. хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.
10 июня в районе села Нижняя Ала-Арча водитель "Хонда Фит" на большой скорости сбил девочку трех лет и скрылся с место ДТП. Девочка в очень тяжелом состоянии, находится в коме.