Мен төрөлгөн жер.
Тоо жыттанып этек-жеңим, көйнөгүм,
Тоо койнунда өстүм, өндүм, көгөрдүм.
Көкүрөгү тоодой келген кең пейил,
Чептей бекем, эрдиги күч элденмин.
Алакандай болгон Баткен жеримдин,
Ааламга тең касиеттүү жери миң.
Атак-даңкы дүнүйөгө тараган,
Чыгаандары жашап өткөн жерденмин.
Киндин каным тамып, үнүм жаңырган,
Мен төрөлүп, менден бүлөө тараган.
Топурагың кымбат мага, Баткеним!
Сенден тарап, кайра сага баш катам.
10.10.2017
Гүлзат Кудайбердиева.