Өткөн жумада Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Ноокат шаарынын мэриясынын жана ошондой эле Ноокат районунун 8 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жергиликтүү салыктарды чогултуунун механизмдерин талкуулашты. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелинде чыккан №202 токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору патенттердин мөөнөттөрүн узартууга жана МСК кызматкерлери менен биргеликте салыктык текшерүүлөрдү өткөрүүгө укук алышкан. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү айыл өкмөтүнүн инспекторлору менен тажрыйба бөлүшүү үчүн ушул жолугушууну демилгелешкен. Бул биринчи жолугушуу МСК жана айыл өкмөтүнүн ортосунда тыгыш кызматташуунун башатын жаратты. Жолугушуунун жүрүшүндө МСК өкүлдөрү айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй суроолоруна жооп беришти:
🔹Ыктыярдуу патент менен кантип иш жүргүзүү керек?
🔹Милдеттүү патентти кантип токтотуу керек?
🔹Салыктарды төлөгөндүгү боюнча жазуулар.
🔹Патенттин мөөнөтүн электрондук түрдө кантип узартууга болот?
🔹Жер салыктарын жана мүлккө салыктарды башкаруунун өзгөчөлүктөрү?
🔹Рейддик салыктык контроль кантип жүргүзүлөт?
Келечекте эки тарап ар 3 ай сайын жолугушуп салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу маселесин талкуулоону макулдашты.
ЮСАИДдин "Ийгиликтүү аймак" долбоорунун колдоосу менен үч өнөктөш муниципалитет - Мирмахмудов, Кулатов айыл өкмөттөрү жана Ноокат шаарынын мэриясы - жана Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгы айрым мамлекеттик салыктык ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Мындай кызматташуу МСК үчүн пайдалуу, анткени ал салык базасын көбөйтө алат, ошол эле учурда өнөктөш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.