Атам мага козун салат алыстан,
Адашып же жыгылба деп капыстан.
Качандан бери жоктугунду билсем да,
Коргум келип ак элесинди сагынам.
Бийиктигин, тазалыгын суттон ак,
Бейиштесин, асмандасын жерде жок.
Дайым сезем жардамынды, кучунду,
Жетишуум, ийгилигим сени менен бугунку.
Озун менен сыймыктанам мактанып,
Очпой келдин жылуулукту таркатып.
Кандай абал туш келсе да атаке,
Каратпайм жер, болбогун кабатыр.
Осуудо, кобойуудо туяктарын,
Омурунду энчиледин шашып гана.
Ак атынды очурбоймун ишенгин,
Аруулукту, бийиктикти тилеймин.
Эркелейм деп издейт сени неберен,
Эт журокту элжиретмек чоборон.
Карайласам мушкул тушуп башыма,
Караанына сыйынамын жалына.