Кыргызстандын географиялык борбору болуп эсептелген Тогуз-Торо району 1935-жылы негизделген. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынан Акталаа түндук-батышынан Жалал Абад облусунун Токтогул, батышынан Базаркоргон, Сузак райондору, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет.
1962 жылга чейин Тянь-шань облусуна караган, андан сон түздөн түз республиканын өздүк карамагына өткөн. Кийин 1970-1988 жылдар аралыгында Нарын облусунун, 1988-1990 жылдарда Ош облусунун карамагында болгон, 1990-жылдан бери Жалал Абад облусуна караштуу район болуп эсептелет. Райондо айыл башкармалыктарга караштуу Казарман, Арал, Атай, Карл Маркс, Бирдик, Чет-Булак, Макмал, Ленин, Кош-Булак, Дөдөмөл, Өрнөк, Кара-Суу, Табылгыты айыл-кыштактары орун алган.