Адам өмүрү арзан болуп калган заман.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда, кечки саат 17-50 чамасында болгон. Ош-Ноокат жолундагы биринчи ашууда ДТП болуп, Жүк ташуучу Вольво унаасы менен Портер кагылышкан. Натыйжада Портердин айдоочусу оор жаракат алган. Күбөлөрдүн айтымында тез жардам унаасы бир саат (!) ашык убакыт келген эмес. Ошондо гана боорукер адамдар оор жаракат алган айдоочуну өздөрүнүн машинасы менен Ош шаарын көздөй алып жөнөйт. Ошондо гана аларды көздөй келе жаткан тез жардам машинасы менен бет келишип, аларга абалды тушундурушот. Бирок, тез жардам кызматкерлери, ак халатчандар кайдыгерлик кылышат, бул адам болбой калыптыр, моргко алып баргыла деп, карап койбостон артка кайтышат. Тирүү, али дем алып жатканды өлдү деп, колун тийгизбей туруп тыянак чыгарган ак халатчандарга не деш керек???
Тез жардам кызматкерлеринин аракетин видеодон көрсөңүз болот.
Бул маселенин бир тарабы гана.
Ал эми экинчи тарабы болсо ИИМдин тергөөчүлөрү. Алар да бул ишти бир тараптуу карап жаткандыгын айтышат маркумдун жакындары. Окуя болгондон кийин,, маркумдун жакындары, болоор иш болуптур, өлүктү бергиле, зыйнатын аткаралы десе, тергөөчү макул болбой, аны сойдурганы жандарына оор батканын айтышат. Жол кырсыгы болгон жердеги чиймелер маркумдун тарапташтарынын катышуусусуз түзүлүп, тормоздун изин өлчөө туура эмес болгонун, ошондой эле көз көрүнөө маркумга айыпты оодаруу болуп жатканын айтып келишет. Жада калса ДТПнын чиймесин күбөлөрго тушундурбостон кол койдуруп алганын айтышат.
Маркум тараптан чуркап чындык издеген жашы улуураак адам болбогондуктан, тергөөчү тоотпостук менен мамиле кылганын айтышат. Же жүк ташуучу Вольво унаасы тарап күчтүүлүк кылып жатабы? Буга негиз, Вольвонун айдоочусунун, "Колуңдан не келет, колуңдан келгенин кылып ал" деген создорун айтышат. Ошондой эле Вольво автоунаасында эки киши болгон, бирөөсү жашы улуураак киши, экинчиси жаш бала болгонун айтышат. Ал баланы окуя болгондон кийин, тергөөчү өз машинасына отургузуп, машинадан чыгарган эмес, балким Вольвонун рулунда ошол бала болгондур деп да күмөн саноо бар экенин айтышат.
Урматтуу калайык! Ушул окуя болгон жерде болгон күбөлөр, же чындыкты уккан билгендер болсо, пикириңизди калтырып койсоңуз.
Маркумдун жакындарынын айтуусу боюнча жазылды.