Массалык ТҮРДӨ мушташкан ОКУУЧУ кыздардын ВИДЕОСУ тарады...
ВАТСАПТАН келген Текст жана ВИДЕО:
18-ноябрь 2019-жылдагы окуя.Бул окуя Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Жоробек Мамытбеков орто мектебинин окуучулары,тактап айтканда жогорку класста окуган кыздар сай жээктеринде топтошуп алышып кырылышып мушташып жүрөт.Бул кыздардын сөгүнгөн сөзүн угуп,булар эртеңки биздин келечек,эртеңки күнү эне болот,келечек муунду тарбиялап өстүрөт деп кантип айтабыз? Мектеп директору Мураталиева Бурулай эжеке,айыл өкмөт башчысы Жылдыз Осмонова кайсыл жакты карап жүрөсүңөр,дегеле айылда кимдерге кандай тарбия берип жатасыңар ушундай окуялардан кийин да ошол ээлеген кызмат ордуңарда отурганга моралдык укугуңар барбы? Райондун акими Ыманберди Досбаев деген немего иш бөлмөсүнөн сыртка чыкпаган,бир Кудай момун пенде окшойт болбосо ушундай тартипсиздикти көзөмөлдөп койбойбу? Же иштегиси келбесе кетип эле калбайбы дейт экенсиң да аргасыздан!