Кезектеги ийгилигим менен бөлүшкүм келди.
Май айы ортолоп калган кезде алыскы Бельгиядан Эльнура эже коңгуроо кылып Украинада онлайн конкурс-фестиваль болгону жатканын кабарлады. Дароо эле кароолчулардан эптеп уруксаат алып, парктан видео тартып жөнөттүк. Дүйнөнүн 100 дөн ашуун өлкөсүнөн ар кайсы жаш категориясынан ар түрдүү номинация боюнча ат салышып, калыстар тобу дагы, эл дагы упай беришкен. Ошол жыйынтык түндө чыгып, жакшы кабар келди. Мен элдик-фолклордук чыгарманы аткаруу жана музыкалык инструментте ойноо багытын тандагам. Мурда-кийин аспапта күү чертүү менен жалгыз жарышка эмес, концерттерге чыккан эмесмин. Ал эми ансамблде ойноп, билгенимди анча-мынча окуучуларга үйрөтүп жүргөм. Оюмда ырдоо боюнча орун алармын деп жүргөм. Тескерисинче, аспапта ойноо боюнча 1-орун, ырдоо боюнча 2-орунду алыптырмын. Кубанчымда чек жок! "Веночек мира" конкурс-фестивалынын официалдуу ютуб баракчасында онлайн катышуучулардын, көрүүчүлөрдүн назарында кайра-кайра " Киргизия" сөзү жаңырып жатты. Күзүндө-сентябрь айында буюрса чоң программадагы гала-концертке катышып, дагы бир жолу "Киргизия" деген керемет сөздү даңктап келмекчимин.
Күтүлбөгөн жерден жакшылыкка себепчи болуңуз, урматтуу окурманым! Ооздун желин албайлы бири-бирибизден! Жөн гана маалымат бергени үчүн Жеңишке жетиштик. Өзүмө болгон ишеним дагы да артты. Булактын көзүн ачтыңыз, урматтуу Эльнура эже!