Ушул июль айында бир туугандардын чоңу, ата энемдин туң баласы Галжигит авам 33 жашка толду. Ушул 33 жыл ичинде авам өзүнүн тең курактарына салыштырмалуу көп ийгиликтерге жетишти. Ошол ийгиликтердин бири пайгамбарыбыздын сүнөтүн жолдоп түбөлүктү өмүрлүк жолдошу, жеңем Акылай м.н баш кошуп 3 Манастай болгон уулдун , 1 Каныкейдей сулкайган сулуу кыздын ата энеси болду.
Жеңем Акылайды айта кетсем турган бүткөнү талант үнү десең үнү бар, колунан нур төгүлгөн чебер, таланттарын айта берсең көп, кудай бардык таланттарды жеңеме эле берип койгондой.
Авам бир туугандардан айырмаланып турат, бир туугандарга кам кор, бир эле бир туугандарга эмес бүт эле тууган урукка кам кор колунан келген жардамын эч аябаган, боору кер, жүрөгүндө кири жок, бирөөгө каттуу тийбеген адам.
Мени 3 жыл өздөрүнүн кызындай карап, жедирип , ичирип окутуу. Мага кылган жакшылыктарыңызды эч унутпайм, менден кайтпаса Аллахтан кайтсын.
Сиз менин бир тууганым болгонуңуз үчүн Аллахтан чексиз ыраазымын жана сыймыктанам. Сизди жана үй бүлөөңүздү жаман сөздөн, жаман көздөн АЛЛАХЫМ өзү сактасын.