2-апрель күнү түштөн кийин Чоң-Алай районунда тоо этектеринен эриген кар Жар-Башы айылын каптап кеткен. Жашоочулардын айтымында, мөнгү суусу турак-жайлардын короосуна кирип, жер астында сакталган бир нече тонна картошканы агызган. ӨКМнин кызматкерлери аккан суунун нугун буруп, ички жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.