Бирок кургак учуктун таякчасын жуктуруп алуу жана кургак учук менен ооруп калуунун ортосунда чоң айырма бар!
📊 Эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндөгү дамдардын дээрлик чейрек бөлүгү кургак учуктун таякчаларын жуктуруп алышкан, бирок адамдын иммунитети ага көбөйүүгө жол бербейт, ошондой эле кургак учук инфекциясына дуушар болгон он адамдын ичинен бирөөсү гана өмүрүнүн ичинде кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн. 👨👩👦👦 Кичинекей балдарда жана улгайган адамдарда, ошондой эле стресс, климаттын алмашуусу, начар тамактануу, зыяндуу адаттардан улам иммунитети төмөндөгөн жана өнөкөт оорулары бар, иммунитетти түшүрүүчү дары каражаттарын узак убакыттар боюу ичип жаткан адамдарда ооруга дуушар болуу тобокелчилиги жогору.
📌 Кургак учуктун микобактерияларын жуктуруп алган адам ооруп калганга чейин ондогон жылдар өтүшү ыктымал
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев