Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Видео КУРАЛ ЧОКОЕВдин уруксаты менен алынды. толук кором десениз https://www.youtube.com/watch?v=wwaCY_WTiPE ссылка аркылуу корсонуз болот.
Кыялбек Урманбетов
Обону: Асылбек Өзүбеков
“Өмүр зымырайт”
Мен сага туш болуп
Көңүлүм куш болуп
Чарк айланам канат дирилдей
Күндөрүм түндөргө
Түндөрүм күндөргө
Алмашылды көзгө илинбей
Турмуштун сырын айт
Таш бака кыбырайт
А өмүр зымырайт зымырайт зымырайт
Шашылбайт таш бака
Эсалат чарчаса
А өмур зымырайт зымырайт зымырайт
Сагынтып кээде сен
Ардагым келбесен
Кантип өмур жайнайт гүл ачып
Санаймын күндөрдү
Санаймын түндөрдү
Өчөшкөнсүп өтпөйт убакыт
Кыялым алкынат
Теминем камчылап
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт
Өңү да өзгөрүп
Таш бака көздөнүп
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт
Үмүттөй түнөрүп
Кош десем түбөлүк
Билбей калдым неден жаңылгам
Жүрөктүн өртү жок
Дүйнөнүн көркү жок
Жандап өтөт мезгил жанымдан
Аппак таң аткансыйт
Күн деле баткансыйт
А өмүр токтогон токтогон токтогон
Билсе да таш бака
Кыбырайт таш бака
А өмүр ташыркап токтогон токтогон