Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
- Эрте барып кал дедиң беле?
- Ооба, - деп Иман ары баратып, башын чайкап күлүп алды. - Жарыктык, кемпири жок жалгызсырап жатканбы?
Ал күнү Ботобек бир койду союп, келинине ысык тамак болсун деп илип койду. Иман тамак жасап, жаткан ордуна алып барып берип жаты. Азиза жети күнгө чейин эч жакка чыккан жок. Анткени анын жамбашынан ылдый куудурап, жыландын терисине окшоп турган эле, аны сезген Иман жанына жолободу. Ал билет, баары көз алдында болуп өткөндөй эле билип турчу болгон. Азиза качан гана үч уул төрөгөндө чыныгы адамга айланып, анын кан-жанынан жыландын элеси учуп чыгыш керек эле. Экөө тең эч ачык сүйлөшпөйт. Иман жети күндөн кийин өзүнүн паспорту менен