Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Маршруткадагы чоң апа баласын урушуп келаткан эжеге 3 кеңеш айтты
Маршрутка. Тыгын. Кетпеген жерден тер кетип баратабыз. Люк ачылганы менен аба кирбейт.
Элдин баары нерв.
Аялдама. Жашы ортолоп калган эле аял, кичинекей кызын жетелеп түштү. Киргенде эле кызын урушуп жаткан. Барган сайын күчөдү. Толтура эл карап турат. Эч ким оозун ачпады.
Кызы мектебине ыр жаттап барыш керек болчу экен. Жаттабай калыптыр. «Ушу эки сап дагы алдыгы мээңе кирбейби», «кийин сени окутпайм», «сени күйөөгө эле берип салыш керек», «мээң иштейби», «айт дагы» ж.б.
Чыдабай кеттим. «Эже» дегиче, алдыда отурган кемпир сөзүмдү бөлдү.
«Айылымдан өнүккөн шаарды көрөйүн деп келсем, эмнегедир артка кетип бараткандай. Кызы