Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Биздин айылдагы мектеп 9 - жылдык болгон соң, 8-класстан кийин эле таенемдин айылына барып окуумду уланттым. Биз бир райондо турганыбыз менен ал айылга деле көп барчу эмесмин, бирок ал жактагы мен курактуу жашташтарым мени кучак жая тосуп алышты. Биз бат эле тил табышып ынак болуп кеттик. Айрыкча менден бир класс жогору окуган Бактыярдын мага кылган мамилеси өзгөчө сезилчү. Ал таенемдерге кошуна жашачу. Мектепке чогуу барып, чогуу келчүбүз. Биздин достугубуз бир жылдан кийин сүйүүгө айланды. Анын агасы, менен апасы жана менин таенем экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү билишчү. Бакынын апасы менин эжеме «Ушул сиңдиңди апаңар мен үчүн гана арнап төрөп койго