Узаткансың жашоомо жеңиш тилеп.
Эске салып андагы күндөрүмдү ,
Узун түндө түшүмө деңиз кирет.
Деңиз анан сен барсың капалуудай,
Ак толкунду турасың узак тиктеп.
Ким жашаптыр турмушта ката кылбай,
Бир билгеним биздеги куса бүтпөйт.
Көз кычыгың жаш бирок, күлүмсүрөп,
Эчкирип ийбөө үчүн, эрдиң тиштеп...
Балким татаал өмүрдү үмүт сүрөп,
Түйшүктөнгөн түшүмө келдиң издеп.
Бир билсе деңиз билди буулукканың,
Айыпсыз жашың төмөн кулагандыр.
Жазылып жатат, такыр унутпадым,
Дилиңден бир убакта сураган ыр.
Жамандыкты жаныңа байырлатпай,
Деңиз сүйгөн жан элең деңиздейим.
А мен дале жашоодо жайым таппай...
Кантип анан телегей тегиз дейин?
Жалгызмын мен , куйган чай калган сууп,
Теребел тынч уйкуда жатат калаа.
Ошол калаа ичинде далбас уруп,
Башкалардан сени издөө азап мага.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7
Бар болунуз .