— Үйгө кир.
Акырын үн каткан Меринанын агасы алды көздөй жол баштады. Сөзү оозунан түшүп, унчукпай, эч нерсени түшүнбөгөн Айдын артынан басты.
Оюнда эч нерсени эстей албай түйшөлүп жатты. Курбу кыз мында эмне кылып жүргөнүн да түшүнбөйт.
— Кел отур.
Агасы эмнегедир көңүлү суз учурашты.
— Биз -биз Мерананы жоготтук окшойт. Билбейм акыркы үмүтүм да өчүп барат. Кайда калды, тирүү болсо мени кыжалат болот деп кайтып келмек.
Айдын дале эч нерсе түшүнбөй аз-аздан сыздап оорутуп жаткан жараатын басып кармады. Муну кыраакы ага түшүнүп койду.
— Сен тууралуу бул нерседен улам билдим. Эмнеге мага айтканың жок? Мирена билсе кандай абалда болмок?
Колуна сунган дептерде Миренанын ички оюн, сүйүүсүн, анын кимдигин, жашоосунда эмнелер болуп жаткандыгын баары жазылуу турган. Өзгөчө Айдынга болгон таза сезими тууралуу окуган агасы, алдында турган жигиттин күнөөсүз экенин сезип турду. Өзү жарадар араң жүрсө,анан дагы агасы Айдын эч качан карындашын таштабасын билип турган.
— Менин эсимде эч нерсе жок! Эч нерсе. Эмне болду эле? Биз кайдадыр барган белек эмнеге мен эстей албай жатам? Мирена кайда жоголушу мүмкүн?
Жамгырдай жаадырган суроолорго эч кимде жооп жоктой, үнсүз тунжурайт.
— Жок -жок. Болушу мүмкүн эмес.
Ордунан тура, ары -бери басып алды. Канчалык эмне болгонун эстешке аракет кылып жатса да болчуудай эмес.
—Биз баарыбыз майрамга карата шаарда өткөн кечеге барганбыз. Эсиңде жокпу?
Курбу кыз башын мыкчый отурган Айдындын алдына отура кетти.
— Сен жана үч досуң менен келгенсин. Кийин Мирена менен бирге жүрдүң. Андан соң бир аз өтпөй кандайдыр бир жигиттер келе, шаарга ызы -чуу салышты. Толтура адамдар өлдү, толтурасы жаракат алды. Биз экиге бөлүнүп кеттик, бирок сен Миренаны алып кетип жаткансын. Калганын мен да билбейм, көзүмдү башка жерден ачтым.
Эстешке аракет кылып көр. Кай жерде элең?
Курбу кыз канчалык аракет кылбасын Айдындын эсинде эч нерсе түшпөй жатты.
— Мени кимдир бирөөлөр алып кетип дарылашыптыр? Качан, кайда жарадар болгонум да эсимде жок! Тек болгону билгеним ушул. Биринчи көзүмдү ачканда Мирена эсиме келди, үйдөн чыгып баратып алсыз элем, кайра өзүмдү билбей куладым. Андан беркиси ушул бүгүн өзүмө келип, дароо бул жакка аттандым. Бирок жүрөгүм түпөйүл болчу.
Айдын Миренанын күндөлүгүн кучактай бир саамга отурду.
— Арадан канча өттү?
— Бир жарым айдан өттү. Ошондон бери изилдейбиз жок! Карабаган жерибиз калган жок. Курбу кызыбыздын жансыз денесин таптык. Анын жанынан Миренага тийиштүү заттар да табылды. Милиция кызматкерлер кызды каза болгонго чыгарып жатышат.
Аягына чейин уга албаган ага сөздү кесип өттү.
— Болду кыл! Сен үйүңө бар! Мен жалгыз калгым келди. Сени тек карындашымдын урматы үчүн гана киргизип, сүйлөштүм. Бирок биз мындан кийин бей -тааныштай бололу.
Артына бурулуп отурган отургучун жүргүзө бөлмөдөн чыгып кеткен агасы буркурап карындашын эстей ыйлап алды. Эмнесине Айдынды жек көрөт? Акыры өзү жөнөткөн эмес беле? Ушуларды эстей өзүн-өзү кечире албай күчүн ары жакта турган шараптан алат.
— Мен издейм. Мен тапмайынча издейм. Миренанын каза болгонуна ишенбейм. Сенден суранам агасына көз салып тур. Ага азыр баарыбыздан кыйын.
Айдын ушул сөздөрдү айтып, колуна күндөлүктү кармай акырын үйдөн чыгып кетти.
Тоо -токой, көл-дарыя эч жер калган жок. Тинтип издебеген жайы, чаалыгып-чарчап, алы калган жок.
Тек гана үзүлбөгөн үмүт. Кайдандыр бир жок дегенде изин тапсам дегенде эки көзү төрт.
Экинчи ай толгон убакта адатынча шоңшойгон тоонун башына чыгып отуруп алып, муңдуу улуп кирди. Жол көрсөтүүчү жалгыз ишеними ушул ай болгон сымал.
Тааныш үн бүтүн бөрүлөргө , анын арасында чоң -атасынын кулагына жетти.
Алачыктан чыктан чоң көк жал бөрү үн чыккан жакты көздөй жөнөп баратты. Оюнда небересинин үн экенин жазбай таанып, өз үйүрлөрүнө кошууга жолго аттанды. Артынан калбаган бир топ бөрүлөр бар.
********
Күйүтү ич ичине батпай боздогон ага. Ичкиликтен күчүн чыгарып,өзүнүн мындай абалына бир күйсө, жалгызынын изсиз жоголгонуна бир күйүп ыйлап жатты.
— Баарын кечтим деди ичинен. Мен да өлөм.
Ушул ойлор мээсинен кетпей туруп алды. Ооруган бутуна карабай, ордунан көтөрүлүп, ары жакта турган ичкилигин алууга аракеттенди, бирок болгон жок. Колу жетпей, орундугунан күп дей жерге кулады.
Бутунун ооруганы да көзүнө көрүнбөй, сезилбей жатты.
Азыр -азыр жанында карындашы болгондо, жүрөгү жарылчуудай жетип келмек. Көз алдына экөөнүн өткөн күндөрүн элестетип алды. Көздөрү жайнай, агасынын ар - бир басууга кылган аракетине кубанып, коштоп, кубанычы койнуна батпай калчуу эмес беле?
— Азаматсыз, сиз күчтүүсүз! Мынтип аракет кылсаңыз, Кудайым буйруса эртең эле жүгүрүп кетесиз.
Ушундай сүйүнүп алчуу. Ушундай агасына колдоо көрсөтчүү. Азыр эч ким жок. Жанында тоголонуп чачылган шишелерден башка эч ким жок, чалкасынан жатып алып, ыйлап кирди.
— Сиз күчтүүсүз деген сөздөрү кулагына жаңыра түштү.
Ордунан обдулуп турууну чечти. Жок дегенде өзүм изилдеп ким экенин билүүм керек. Жок дегенде бир боорумдун жалгыз максаты менин басуум эле деген ой кетти.
Бутуна балдаксыз турууну чечти. Оор кыймылга келбеген буттарын акырындан кыймылга келтирип, басууга аракет кылып жатты.
*******
Тээ бийик аска тоонун боорундагы бийик караңгы үңкүр. Бул жерди эч ким билбейт. Бирин-серин тоо жаныбарлары байырлайт. Башка эч ким жок.
Капкара болгон үңкүрдүн ичинде атайын жасалгандай жол бар. Ал жол төмөн карай кетип жалама тоонун бетине барып такалат. Бир караган адамга башка жол жоктой, тоо тосуп турат. Бирок андай эмес, аркы жагы үңкүр. Үңкүр деп деле атоого болбойт. Кадимки үй сымал. Ортосунда от жагылып, ары жагында бир адамдык жатуучу орундук, кооз көйнөктөр менен кезмелер илинүү.
Дал ушул бир адамдык жатуучу орундукта Мирена таттуу уйкуда.
Кара көлөкө Жарганаттан жашырып алып келген жери ушул. Эч ким көргүс, билгис. Өзүнөн чочулап, корккон кызга жакындай да албайт. Болгону ушул жайылып жүргөн жаныбарды торойто чаап, анын этинен отко кактап бышырып койот. Кызды карай да албайт. Арткы тосулган кездеменин ары жагынан чыкпайт кыз.
Дээринде мунун ага зыяны жоктой сезилет. Ошол кезде бул болбогон учурда балким азыр мынтип тирүү отурмак эмес беле?... Бир ойлоп кыжалат болгону ушул, агасы, менен Айдын. Алар мени издеп кыжалат болсо керек деп ойлойт. Оюна түркүн нерселер келет. Балким бул жырткыч мени өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аман алып отургандыр деген ойго келет. Кача да албайт. Жалама зоонун башынан кар кетпеген жайдан кайда кача алышы мүмкүн.
Биринчи алып келген күнү эсинен чыкпайт. Куюндай зымырай, колуна так көтөрүп дал ушул жерге жетип келгенче далай жолдорду басты. Денеси кышындагы дарыяда жаткан таш сымал муздагы сөөктөн өтүп, жүзүн кароого батына албаган.
— Мени чыгарып жибер деген убакта бир гана алган жообу ушул.
— Бул жерден чыксаң сени бир гана өлүм күтүп турат!
Демек бул жерде жашап жатканы, Кара көлөкөнүн азырча кызга карата оюу жаман эмес айгинелеп турат. Бирок булар жырткыч да, ишенүү кыйын. Эгер канга кумары кармап калса, кыздын олжо болбоосуна ким кепил?
Мына ушуларды ойлой сүйлөөдөн коркот.
Азыр да сырттагы чыккан үндөн улам келгенин байкады.
Топ эттире килтейген оор нерсени таштай, отуруп алып бөлүктөргө бөлүп кирди.
Сыягы дагы тоо эчкилеринен бирди чаап келген сыяктуу.
— Жок дегенде бир аз нерсе жеп ал.
Күңк эткен Кара көлөкө кыз тарапка башын буруп койгон да жок. Тек гана өз ишин уланта берди.
— Мүмкүнбү сизден сурасам? Мени бул жерде эмнеге кармап отурасыз?
Кыз эми чын эле акырын көйнөгүнүн үстүнөн кездеменин бирин орой тосулган жайдан баш багып, Кара Көлөкө тарапты көздөй басты.
— Мындай жерде мен жашай албайм. Суук экен муздадым. Мен үйүмө кетким келет. Агамдын жанына.
Жалооруй, жанатан үн катпай, өз иши менен алек болуп отурган Кара Көлөкөнүн жанына келе отура кетти.
Көздөрү ыйлай берип, шишип калган. Канча коркуп турса да жигиттин көзүн көргүсү келип турду.
Жүзүндө нуру жок, купкуу, көздөрү кызарып канга толгон жигит кызды бир карап алды.
Чочуй түшкөн Мирена көздөрүн колу менен жаба салды.
— Менден коркпосоң болот. Билем түрүм коркунучтуу. Бирок сага менден да үйүңдө болуу кооптуу.
Колундагы учтуу таш менен, жанатан алып келген этти былч эте чаап алды.
— Эгерде убакыт өтүп, коркунуч артта калса албетте кетесин.
Кызга бул сөз үмүт берип жиберди. Көздөрү жайнай түштү. Бирок ичиндеги түпөйүл суроо тынчтык бербей жатты.
— Эмнеге кооптуу болушу мүмкүн? Жанагы киши ким эле?
Мирена өзүн бир аз коркунучсуз сезе түштү.
— Сен азыр айтсам түшүнөөр бекенсин, деги эле өзүң тууралуу толтура чындыкты билээр бекенсин?
Миренанын жүзүнө кароодон тартынып турган Кара көлөкө колундагы этти таштай, саамга ойлоно түштү.
— Кандай чындык? Эмне болгон чындык?
— Өз атаң тууралуу, өз энең тууралуу ким экенин. Сен кыз кимдердин кызы болуп төрөлүп, жана кимдердин кызы болуп өскөнүңдү билбейсин. Жарганат сени бекеринен издеп жүргөн жок!
— Жарганат? Ал ким? Мен өз апамды эстейм,жана ал каза болгон.
Кара Көлөкө тек гана мыйыгынан жылмайып койду.
— Кол астында иштеген кызматкер жигит, менен кызды айтып жатасынбы? Алар сени менен агаңды деп, багып алган ата-энеңе берген убадасын аткаруу менен кайтыш болушканын билээр белең?
— Эмне?
Кыз чындап таң калганын жашыра алган жок.
— Мынча чындыкты сиз кайдан билесиз?
Ушул суроо жигитти сөздөн тык токтотту. Калганын айта албай, үнсүз кайра ишине киришти.
— Мен сизди дайыма түшүмдө көрөт болчумун. Сиздин алар менен кандайдыр байланыш болгону байкалат.
Жанатан Мирена Кара көлөкөнүн билегиндеги байлануу турган ак кездемени көрдү. Колун алып бара бергенде тийгиздирбей алыс туткан Кара көлөкө ачуусу келе түштү.
— Мен дайыма Ак көйнөкчөн селкини көрөм. Ал сизге таандык жан экенин сезем. Агамдын бөлмөсүндөгү китептен окуганым бар, сиз ал бийкечти...
Кыз өз -өзү менен сүйлөшкөн сымал, Кара көлөкөнүн жанында бир нерселерди ойлоп сүйлөй берди.
Үн катпаган менен Кара көлөкө баарын кунт коюп угуп турган.
— Демек ал бийкеч сизге кымбат болгон... Аны туш тараптан курчаган бөрүлөр..
Кыз эми түшүнгөндөй чоочуй Кара көлөкөнү бир карап алды да, оозун жаба, көздөрү алайа түштү.
Кара көлөкө кыздын эмнени түшүнгөнүн сезгендей, баарын эсине түшүрө, ордунан тура сыртка чыгып кетти.
— Байкуш...
Артынан узата караган Мирена эми жигиттин күйүтүн түшүнгөндөй аяп турду.
*******
18 -жыл мурун.
— Келди!келди. Сүйүктүүм келди.
Кубана шашкан Жамал көптөн күткөн ашыгы келгенине шашып жасанып алып,жолугушчуу кечти карай күтүп жатты.
— Ал азыр келет! Мени сагынган чыгаар?эми болду эч качан ажырашпайбыз дегенбиз. Ооба эч качан.
Өзүнчө ушуларды ойлой,жолугуучу кечти сагына,чыдамсыздык менен күтүп жатты.
Убакыт батыраак өтүүсүн каалап,дары -дармектерге керетелүүчү чөп,тамырларын үзүп келмекке үйүнүн жанындагы токойду көздөй баратты.
Көңүлү ачык жайдары. Бүгүн эч нерсе маанайын түшүрө албас.
Акырын эңилип,жерден тамырды үзө бергенде алдында турган караан,дагы кызды заматта чоочута түштү. Ошончо убакыттан бери алыстан карап,тиктеген Белек же өч алуубу максаты,же дале сүйүүбү жанагы түшүнүксүз,айтор дагы деле артынан калбаганы калбаган.
— Белек сен?
Жамалдын денеси титирей түштү.
— Эмне күтпөгөн белең?
Белек кызды көздөй басты. Мурунку Белек жок 'көздөрү ачуулуу.
— Эмне кылып жүрөсүн бул жерде?
Кыз артка карай кетенчиктей берди.
— Сени көргөнү келдим. Ашыгың келип көркүңө чыга түштүң дечи анан? Менин андан эмнем кем болду? Чөгөлөдүм, ыйладым, бүтүн барымды сага арнадым, сүйүүмдү. Эмнем кем болду. Ошончо узакка сени таштап кетсе да, азыр кубанып турасын ээ?
Белек ызырына ачуулуу кызга дагы бир ирет жакындады.
— Белек өзүңдү бас, болду кыл! Мен сага баарын түшүндүрдүм. Эми мен кетүүм керек!
Кыз алды көздөй басканда, колунан тарта токтотту.
— Токто кайда барасын? Мен сөзүмдү бүткөнүм жок! Жооп бер анын сага эмнеси жакты? Бүгүн келди, эми турмуш курамын деп ойлойсунбу? Мен буга жол койбойм! Эң качан жол койбойм!
Белек кызды булка алка -жакадан алып, кыздын эркинен тыш, мойнунан өөп кирди. Кыздын жалынганын да, ыйлаганын да угуп койгон жок. Тек гана ушул максат менен өзүмдүкү кылам деген ой турду.
— Белеек -Белек суранам мага тийбе! Мындай кылба! Жардамга ким бар?
Астында калып чырылдаган Жамалдын абалын ойлоп да койгон жок!
— Жакшы мамилем сага жаккан жок! Меникисин! Болду бир гана меники.
Шашкалактаган Белек кыздын көйнөгүн тытмалай ач калган бөрүлөрдөй ары -бери жыртып жатты. Көзүнө Жамалдын денеси көрүнгөн сайын, андан бетер арам оюу тынчтык бербейт.
— Мен кош бойлуумун! Мага тийе көрбө.
Ушул сөз Белектин башына бирөө бир чапкандай селт эте, дароо нестейип, отурган абалында катты.
Кызга карай көзүн албай түшүнбөй турду.
— Мен -мен кош бойлуумун. Мындай кыла көрбө!
Тытылган кийимдерин жерден чогулта денесин жапкан Жамал жалдырай ыйлап караган тейде, артты көздөй кетенчиктеди. Титиреп араң сүйлөгөн кызга азыр эмнелер кылганын өзү да түшүнбөгөн Белек шалдырай ордунан турду.
— Мен! Мен ошону көз алдыңда көзүн тазалайм!
Ачуусун баса албай эми эле шаардан келген Мелисти издей жөнөп баратты.
— Жоок! Жоок токто Белек суранам.
Артынан кыйкырган үндү уккан да жок. Тек гана шашыла кетип баратты.
Бул учурда күн батып, күүгүм кирип бараткан. Сүйгөнүн жолуугучу жерден күткөн Мелис саат санап турду. Кайда калды? Кайда жоголду, белгисиз. Балким кеч болуп келе албай калган чыгаар деп ойлой, аргасыз үйүн көздөй жөнөп баратты.
— Токто!
Чыккан үндөн артын карай берген Мелистин жүзүнө тийген катуу соккудан улам өзүн жоготту.
Көзүн бир канча убактан соң ачты. Башы зыңгырап ооруп калган. Жанында курч бычакты ары -бир ойноп, бери-бир ойноп Белек отурган.
— Сен? Эмне болду сага?
Мелис түшүнө бербей саамга көзүн ача албай, кайра жата кетти.
— Оо биздин жигит көзүн ачты. Кандай кубанычтуу жаңылык.
Ары жакта сени күтүп отурган ашыгыңа менден белек. Бул сенин башың!
Белек жинди эместей Мелисте учтуу жалаңдаган курч бычагын көрсөтө, күлүп койду.
— Жамал кайда? Жамалга эмне кылдың? Мага эмне болсо да мейли, Жамалга тийбе!
Мелис бир аз өзүнө келгендей, күңгүрөнүп сүйлөп ордунан турмакчы болду.
— Жамалга бир нерсе кылуу колумдан келбейт! А сага болсо даярмын. Керек болсо, сенин ар бир денеңди кескилеп бөлүп, Жамалга жөнөтөм. Ана ошондо менин сүйүүм менен ойнош кандай экенин сезет Жамал.
Жүзү бирде кубулуп, бирде ачуулу сүйлөп жаткан Белектин ою чын эле тамашасы жок экенин сезген Мелис ордунан обдула калды.
— Жоок -жоок ордуңан турушка аракет кылбай эле кой! Ух мынаны карасаң! Денеңден алган жаракат сени көпкө тирүү сактабайт.
Бычактын учунан тамчылаган канды көрсөтө койгон Белек өзүн азыр эле кандай жаман кырсык күтүп турганын сезген жок.
— Канды токтотууга аракет кылыш керек. Коркунуч жакындоодо Белек. Канды көрсөтпө.
Мелис өздөрүнө карай келе жаткан коркунучту жазбай сезип турду. Аны түшүнбөгөн Белек кайра-кайра сүйлөп алды да, Мелиске жакындай келди.
— Убакыт келди Мелис!
Арты жагына өтүп канжарды Мелистин мойнуна такай бергенде өзүн ары жактан чыккан күчтүү, ары шамдагай белгисиз күч тартып кетти. Белектин бир ачуу бакырган үнү чыгып жоголду.
Койнундагы учтуу куралын кармай калган Мелис дароо ордунан туруп, төмөн көздөй чуркап жөнөдү.
Артынан калбай зымыраган жырткыч туш тараптан үн чыгара, Мелис менен ойноп жаткан сыяктуу. Жан алы калбай жүгүрүп отуруп акыры өзүн издеп чыккан кыйкырык үндөрдү уккан соң саамга өзүнө келе түштү. Туш тараптан жарык чыгып, аларга карай жете келген Мелис, коркунуч алыстагандан алыстап баратканын сезип турду да шалдырай өзүн жогото кулады.
Шашкалактай жете келген Жамал Белектин досторуна барып айтууга үлгүргөн.
— Мелисти өлтүрөм деп кетти, аны куткарып калгыла, бир нерсе кылуусу анык!
Ушундан улам баарысы Белекти издеп чыгышып, токойду көздөй кеткен жерин билген соң артынан жөнөшкөн.
Мелистин сөзүнөн улам, эртеси күнү топтолгон эл Белекти көздөй издеп жөнөштү. Бирок жанагы жерден бир аз обочороок жерде тамган кан жер бетинде жайнап, бирок Белектен түк дайын жок жоголду да калды.
Уландысы бар
Достор түнкү саат 1:51 жазып бүтүп чыгардым. Тууралаганым жок. Эгерде кечеегиндей каталар болсо коментарийде айта бериңиздер ээ? Мен оңдоп койом кирип. Көңүл бурганыңыздарга чооң рахмат бейпил түн!
Автор ✍
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11