— Жамал мен албетте келем. Анан сени алып кетем, бирге кетебиз, бактылуу жашайбыз. Соонун үй бүлө курабыз.
— Жок Мелис! Кетпей эле койчу суранам. Мени таштабачы.
Жамалдын колдорун кармай акырын өөп алды Мелис. Кетпешке арга жок экенин өзү да жакшы билет. Айласы жок башка. Канчалык Жамалын таштагысы келбесе да бул нерсе колунан келбейт.
— Менин Жамалым. Сулуум менин.
— Мени алдаба, кетпейм деп сөз бер!
Эркелеген кыз да жигитинин колун кармай көздөрүнө тике карады.
Азыр эле Мелиси кетсе түбөлүк жалгыз калчуудай сезилип жатты.
— Болду эми жаным, баары жакшы болот мына көрөсүн. Андан көрө бүгүн экөөбүз бир жактарга айланып келебиз. Болобу?
Көңүл ачып келебиз отуруп.
Эмнегедир баргысы келбей жатса да, Мелистин сөзүн кыя албай макулдугун берди кыз.
— Анда азыр кирип кечкиге даярдан. Атакеңден суран да, чык. Өзүм алып кетем үйдөн макулбу?
Жигит кыздын мурдунан чымчый акырын күлүп койду.
— Макул эми мен кирейин үйгө.
Кыз коштошуп кирип кетти. Артынан узата тиктеген Мелис саамга тура, кайра өз жолуна түшүп жөнөдү.
Кеч кирип күткөн убакыт да келди.
Ал кезде биримдик, тынчтык ушундай, күн өткөрбөй кооз майрамдар, кыз жигиттер топтолуша оюн өткөрүшүп, бирге отура кобурап сүйлөшүп баары кызыктуу айтор. Азыр да ошондой көңүл ачуу максатында жөнөп калышты.
Кыз үйүнөн чыкты. Мелис аны эшик алдында күтүп турган. Көпкө узабай келем деген кыз жигиттин колунан жетелей экөө бара жатышты.
— Сулуу болуп кетипсин го мурдагыдан дагы?
Жигит адатынча эркелетип кызга жылмайды.
— Койсоңчу Мелис.
Шарактап шапар тээп кууша ойногон жаш кыз келиндер, жигиттер. Бирде күлүп каткырыша, бирде болсо кобурашып эмненидир сүйлөшүп отуруп калышат. Чоң айылдын ичин шаңга бөлөшүп кээде кыз келиндер, күйөөлөрү менен бирге көңүл ачып, бак аралай басып жөнөшөт.
Азыр эле келген Мелис менен Жамал да кошулуп отура кетишти. Жамалдын көздөрүн коркунуч басып, эмнегедир жаны тынч эмес. Оюнда Белек келип калбаса экен деген ой азап берет. Эрте менен кылган жоругунан улам, бир саамга корко да түшкөн.
— Оо окшошкон түгөйлөр келгиле.
Баары экөөнү жылуу кабыл алышты. Жандарынан орун берген кыз жигиттер укмуштуу нерселерди айтышып ортодо жаккан отко жылына, кобурашып жатышты.
— Айтуулары боюнча ушундай экен. Тиги кан ичкен жырткычтар бар дешет имиш.
Бириси сөзүн улантып кудум эле жомок айтып жаткандай сүйлөп кирди.
— Ай койсоңчу, капкайдагы балекетти сүйлөйсүн сен!
Жанындагы отурган бийкечтин бири корко түштүбү, айтор тигинин оозун тыймакчы болду.
— Апеей да капырай ишенбейсинби? Тиги шаардан эле, кечее жакында бирөөнүн жолдошун ошондой алган жарааттан улам каза тапкан жансыз денесин табышты билесинби? Анысы аз келгенсип кийинки күнү кабырды бир себептерден улам ачтырса, тиги күйөөсү жок имиш. Ошондон кийин байма өлүмдөр көбөйүп кетти.
Тиги койчуудай эмес. Билген, уккан жаңылыктарынын баарын айтып кирди.
Үрпөйүшө тиктеген тигилерди карай Мелис ичинен ар нерсени ойлоп кетти. Өзү да дал ушул иш боюнча кетип жатпайбы. Бул жерде Мелистин дал ушул иш боюнча келгенин эч ким билбейт эмеспи.
— Капкайдагы көзүң менен көрбөгөн ушактын баарын сенен угабыз ээ?
Арты жактан сүйлөгөн үндүн ким экенин Жамал дароо тааныды.
Акырын басып келе, шашпай Жамалдын маңдайына отурган Белек саамга экөөнү теше тиктеп алды.
— Кай жерде жүрсөм ошол жерден калбайсын да сен дагы ээ?
Экөө тамашалап сүйлөп алышты. Сыягы достор сыяктуу.
— Биздин айылда бейтааныш жигит жок эле мындай?
Сөздү акырын тийиштире сүйлөгөн Белек Жамалдан көзүн албаген тейде Мелиске тийе өттү. Дароо түшүнгөн Мелис мунусуна үн каткан жок. Тек гана Жамалдын колун бекем кармай кызга кайрылды.
— Муздап калыпсын го. Кел муну кийип алчы.
Үстүндөгү күрмөсүн чече, Мелис Жамалдын үстүнө жаба салды.
Ич -ичинен тызылдай түшкөн Белек аркы сүйлөп жатканга кулак төшөдү.
— Белек сен кайда жашайсын деги? жаңылыктын баарынан куру калгансын го дейм. Бул жигит Жамалдын сүйүктүүсү. Экөө тууралуу айылдын баары билет го, сен кантип укпайсын?
Жанындагы отурган бийкеч атайын тийише Белекти нукуп койду.
— Аа демек Жамалкандын баарына сыр болгон ашыгы ушул беле? Жакшы -жакшы.
Көздөрү менен Жамалды тешип жиберчүүдөй тиктеп алды.
— Мен бара калайын үйгө! Атам кыжалат болот.
Жамал эч кимди карабай ордунан тура жөнөдү. Ийненин учунда отургандай тынчсыздана түшкөн.
Мелис баарын түшүнүп эле турду. Белектин Жамалы кандай жакшы көрөөрүн билчүү. Бирок кантсин айла барбы? Өзү да сүйүп турса, кыздын жүрөгү өзүн тандап турса не кылсын.
— Жүрү кеттик. Мелис Жамалды колдон жетеледи.
— Токто сени менен сүйлөшчүү сөздөрүм бар.
Ордунан атып турган Белек кыздын колдорун шап кармай өзүнө тартты.
— Менин сенде сөзүм жок! Болду кыл жетишет!
Жамал колун булкуп тартып алды.
— Эмнеге а эмнеге менин сезимдерим менен ойноп жатасын? Мен кантейин эми? Мени кечирчи, чөгөлөйүн алдыңа мени таштабачы, сенден башка кимим бар эле? Намысты, башканы баарын жыйыштырдым. Менин эч кимим жок! Ата -энем бир тууган эч кимим жок билесин. Жашоомо жалгыз үмүт берген сен болсоң, сен да мени таштайсынбы? Кара сенсиз менин күнүм не кечкенин кара Жамал суранам.
Көзүнөн жашы төгүлө, жаш баладай чөгөлөй түштү. Жамалдан көздөрүн албай жалооруп карай, абалы аркы жакта отургандын баарына бир башкача аялуу сезилип,кызыктуу тасма көрүшкөн сымал,баары бирдей Белекти карап элейишет
— Мени кечир! Мындай кыла албайм!
Жамал негедир жүрөгү жылыбай каткан муз сымал, Белекти муздак, мерез көз караш менен карап алды.
-—Кеттик!
Колдорун булка тартып, артын карабай кеткен караандан көз албай караган Белек өзү азыр ошончо адамдар арасында эмне кылып, кандай абалга түшкөнүн да ойлобой турган.
— Койсоңчу досум! Бир кызга боло, ушунча кыйналбачы.
Артынан келген досуна да караган жок! Тек гана узун токой аралай эч кимге көрүнгүсү,эч кимди көргүсү келбей, кете берди.
— Сен ким элең?! Сен ата-энеңе керек болбогон жан, ушул кызга керек белең? Эптеп -септеп чоңойуп алып, эми ушул азап да бар беле башымда.
Эмнеге ошондо эле өлүп калбагам? Ит азап көрүп, бала кезимден көрүнгөнгө кул болуп чоңойдум. Бир сындырым нан үчүн, түнгө дейре элдин короо, малын караганымчы. Шыйрагымдан сыздата чапкан камчынын учу тийгенде безилдеген мен. Эх Белек -Белек. Тагдыр сени ушундай күн көрүү үчүн жаратты беле? Кимге керегим бар.
Көзүнүн жашы көлдөй түштү. Жалгыз түнт токойго сырын айта отура берди.
—Билесинби мен качан жолуктурдум, кантип сүйдүм?
Бир канча жылдар мурун айылда Акыл деген бай манаптын койун багып жүргөн жеринен Жамалдын атасы табигый дарылар менен дарылап Акылга барган. Көз кырын салып караган карыя Белектин жалгыз эч кимиси жок экенин билип, кулдукта, суукта ооруп калган жеринен, дарылаган акысынын ордуна кичинекей жетим баланы берүүнү суранган.
Ансыз деле толгон ашыкча малчылары бар бай манап дароо эле макул болгон.
— Кызык аны эмне кыласын түшүнбөдүм го, бирок мейли алып кет. Баары бир өлсө өлүгү ашыкча бизге. Араң жан калды кыбырап.
Дароо макул боло баланы өз айылына алып келип карап, дарылап баккан. Өзүнүн кичинекей наристеси токтобой, уул көрбөй акыры бир кызы Жамалды тапкан. Карыя бул балага өзүнүн мээримин берип, чоңойтту. Кызы менен бирге окутту. Жигит бат эле чоңойгон соң, кызга болгон сезими күндөн-күнгө күчөй акыры ушул абалга келди. Атасынан уялып башка да жашоого көнүп чыгып кеткен. Анда-санда ишин колдон алып жардам берип турганы бар, бирок мындайды Жамал такыр каалабаганы үчүн азыр кадам баскыс болгону ошол.
— Эмнеге жигитти анча жаман абалда калтырды?
Андай болбойт.
Мелис Жамалды жетелеп баратып жол ката ойлуу үн катты.
— Өзүм да билбейм Мелис. Мен мынтпесем ал менден көңүлү калчуудай эмес. Кыйналсын, мени менен өмүр бою кыйналгыча азыр кыйналып унутсун. Балким ошондо бактысын табаар?
Жамал өзүн күнөөлүү сезип күңк этти.
— Мен да өзүмдү күнөөлүү сездим алдында. Мен сени ал жигиттен тартып алгандай сезилди. Анча -мынча айылдын бир-эки сөзүн угуп калчуумун. Бирок мындай абалга чейин сүйөөрүн элестетип да көрбөгөм.
— Мелис мага сенден башкасы керек эмес. Эми эмне кылайын? Ооба күнөөлүүмүн, бирок менин жүрөгүм жалгыз гана сени деди. Башканын кереги жок!
Жамал Мелистин жүзүнө алаканын койо, көздөрүнө тике карады.
— Мен да сени сүйөм.
Экөө үйдү көздөй беттеп баратты.
Убакыт учкан куштай сызып, Мелистин кетүүчү күнү да келип жетти. Узатып коштошоор бир күн алдын экөө обочо жерде кездешип, экөө түндү чогуу өткөрүштү. Ошол түнү экөө бири -биринен ажырабоого, жигитти күтүүгө, жигит болсо албетте кайтып келүүгө сөз беришти. Экөөнүн сырдуу түнүн экөөнөн башка эч ким билген жок.
Эрте менен экөө коштошо кыз Мелисти узатып кала берди. Жигит болсо өз иштерин бүтүрүп, кайра сөзсүз келүүгө сөз берип өз жолуна түштү.
*********
Айдын көзүн ачып жанында отурган Сиренаны көрдү.
— Сен?
Ордунан ыргып туруп, кайра тигилди. Акыркы эсиндегиси кызды көрүп кайра өзүн жоготкон.
— Мен! Ооба мен эмне, жезкемпир көрдүңбү? Мурункуда да эсиң ооп жыгылгансын, азыр абалың жакшыбы?
Оозунан сөзүн жулуп алып такылдаган кызга карай таң калып турду.
— Ооба жакшымын.
Араң жооп айтууга үлгүрө электе адатынча кыз дагы сөзүн оозунан жулуп кетти.
— Ой Кудайга миң мерте шүгүр ай. Кудай жалгап жакшы экенсин. Болбосо атакем мени сенин кароолчуң кылды да койду.
Мурдун чүйрүй жигитке карай кайра суроо жаадырды.
— Сен өткөндө мени Мирена деген кызга окшоттуңбу? Ал ким сыр болбосо? Мирена-Мирена дедиң да кайра жыгылып калдың.
Эми гана оюна келген жигит алдында турган сулуу өзүнүн ашыгы эмес экенин сезип турду.
— Мен кетүүм керек.
Айдын шашып, кийимдерин алып сыртты көздөй басты?
— Канчадан бери бул жердемин мен?
Кайра артына кайрылып, кызга суроо берди.
— Көп болду өзү негизи биринчи жараат алып жатканыңда бир ай болду эле, экинчи жолу жыгылганыңдан кийинки он беш күндөй өттү.
Кыз ойлуу сүйлөй, кайра суроо берди.
— Эмнеге? Кимсин деги, мен атама айтайын эсиңе келгениңди.
— Жок кереги жок айтпа! Мен азыр кетүүм керек. Андан көрө мага жолду көрсөт.
Сирена макул боло акырын жашыруун жол менен Айдынды узатып койду.
Шаша -буша жетип келген Айдын дароо эле Миренанын үйүн көздөй бет алды.
Эшигин такылдатып эле бир азга күттү. Ичкериден чыккан адам Мирена эмес эле курбусу турган.
— Сен?
Таң калган Айдын эч нерсе эсинде жок, жалдырай карап кызга суроо узатты.
— Сен кайда жүрөсүн Айдын Мирена кана?
Курбу кыздын берген суроосу Айдынды башка чапкандай селт эттирди.
—Мерена сени менен кеткен эле го. Эч нерсе эстей албайсынбы? Акыркы ошондогу окуялар эсиңде жокпу?
Кыз жамгырдай жаадыра суроо берип кирди. Эмнеге кантип эле?
Айдын эч нерсеге акылы жетпегендей селейе катты.
— Ким экен?
Арткы жактан чыккан эркектин жоон үнү агасы экенин дароо сезди.
— Сен, Айдын?
Агасы көргөн көзүнө ишене албай турду. Көз алдына бала кези элестей экөөнүн чогуу жүргөн күндөрү эсине түшүп кетти.
— Менмин!
Айдын өзүн күнөөлүү сезип кетти. Ушунча жылдан кийин ушундай жаман кабардан соң келип турганы албетте эч кимге жакпас эле.
Уландысы бар.
Салам жакшылар. Чыгарма убагында чыкпай калып жатат. Түшүнүктүү болбой калып жатат окшойт ээ сиздерге да. Акыркы убакта өзүм да чаташып кетип жатам. Аттары адашып жазылып кетиптир кечее да. Ошого оңдоп чыгарайын деймин да. Сиздердин жазган коментарий окуп, анан тууралап келдим ошоо жерлерин. Эгерде дагы каталары болсо айта бериңиздер ошентип. Мен тууралап турам. Азыр көп колум бошобой жатканы үчүн же оңдоого, кээде жазууга да убактым жок болуп калып жатат.
Урматым менен автор ✍
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев