Имам Ибн ал-Каййим رَحِمَهُ الله айткан:
«Күнөө үчүн болчу жаза ар кандай болорун билгин! Жаза кээде пендеге күнөө кылаар замат жетет, ал эми кээде кечигип келет, бирок белгилей кетүүчү нерсе жаза эки жолу - ошол замат жана кийинчирээк келиши да мүмкүн. Жана эң чоң жаза – бул ыймандан ажыроо, бул жазанын артынан башка жаза – жүрөктүн өлүүсү келет, ал зикрдин, Куран окуунун, дуа кылуунун, Аллах менен купуя сүйлөшүүнүн таттуулугун жоготот, керек болсо жаза жүрөктү ушунчалык караңгылыкка чулгап салат, анда жүрөк көрөгөстүктөн кол жууйт».
📚 «Раудату л-мухиббин» 511
Кээ бир адамдар бар, алар айтышат: "Ооба, мен намаз окубайм, орозо кармабайм, Аллахтын буйруктарын аткарбайм, бирок менин жүрөгүм таза". Мындай адамга эмне десе болот? Ал айткандай болушу мүмкүн эмес! Ал айткандай болушу эч мүмкүн эмес! Кимдин жүрөгү таза болсо, ал амалдары менен да таза. Тышкы бузукулук – ички бузукулуктун белгиси. Сыртан күнөөкөр болуп, ичтен такуа болуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Мухаммад пайгамбар ﷺ айткан: «Чындыгында адамдын денесинде бир муштум эт бар, эгерде ал жакшы болсо денени толук жакшы кылат, ал эми ал бузук болсо, денени толук бузат, ал муштум эт – жүрөк».
📚 Муслим 1599
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев