Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кыргызстан, Ош облусу. Ноокат Району 1928-ж. 24-декабрда уюшулган, түштүк-батыш Кыргызстандын Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Түндук-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Карасуу, батышынан Баткен облусунун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай райндору менен чектешет.
Аянты 4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9%).
Райондун жалпы эли: 234566(2002-ж)
Аялдар: 118365 = 50,5%
Эркектер: 116201 = 49,5%
Улуттук курамы
Кыргыздар: 167480 = 71,4%
Орустар: 357 = 0,2%
Өзбектер: 62204 = 26,5%
Башка улуттар: 1525 = 0,65%.
Район 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт.