#СЫНОО
16-болум
— Жок, жакшы эле жүрчү.
— Мындай оору менен ооругандар көп кызым, жин-шайтан ээлеп алган, бирөөгө зыян кылган жок беле?
— Жо-ок.
— Эми жасашы мүмкүн, келсең дагы жакын барба.
— Такыр өзүнө келбейби?
— Күмөн.
— Дарылаганга да болбойбу?
— Мындайдын көбүн көрдүм, кээси кадимкидей болуп кетет.
— Муну деле жакшылап карасаңыздар болбойбу эже?
— Карап эле жатабыз, бирок азыр баары жетишсиз..
— Мен баарын төлөп берет элем эже, — деп Зарина жаштуу көздөрү менен ал врачка карады.
— Бир гана кудай билет кызым, кудайга сыйын, — деп врач басып кетти, Зарина бир аз туруп анан үйүнө кайтты, ал күйөөсүнөн биротоло үмүтүн үзүп келди, ойлонуп отуруп ичиндеги баласы үчүн ал кайнатасыныкына бармак болду да эртеси барса Саида келип калыптыр, ал жакшы маанайда учурашып үйгө киргизди, аны Асел да жаркылдап тозуп алды.
— Мен Мирланды көрүп келдим, — деди Зарина кабак чытып.
— Кандай болуп калыптыр? — деди Саида.
— Оңолуп калыптырбы? — деди Асел дагы.
— Билбейм, жылыш жок, мени тааныбады.
— Кудайдын берген оорусу да, — деп койду Насырынбек.
— Дарыланганга болот бекен? — Саида сурады.
— Кудай билет дейт.
— Шайтанга алдырган да, — деп ийди Насырынбек капыстан.
— Ата-а, — Саида таңгала карады, — Эмнеге?
— Жөн эле кызым, ооздон чыккан сөз…
— Акемди жакшылап дарылатсак болбойбу?
— Дарылатканга болбойт деди врач, — Зарина жер карады…
Айсалкын эки күндөн кийин ооруканадан чыкты, Гүлайым али жакшы боло электигинен ал калды, Айсалкын ага келип турам деп кетти. Бир аз тыныгуудан кийин Айсалкын кайрадан окуусуна барып жүрдү, бир күнү алардын үйүндөгү телефону чырылдап калганынан Гүлмайрам алды:
— Алоо, ким бул, аа-а Айсалкын азыр жок эле, макул ким чалды деп айтайын, макул-макул, — Трубканы коюп, — Аси кайда кетти эле? — деди.
— Билбейм, келип калат чыгар, — деди Аида.
— Ой ушул кыз башкача болуп бара жатат, тарбиялап коюш керек эле.
— Сен тарбиялайсыңбы? — деп кыздар күлүп жатканда Айсалкын кирди:
— Эмне болгон силерге? — Үчөөнү карады.
— Сени тарбиялаш керек болуп жатат.
— Болбосо чектен чыгып кеттиң.
— Жоопсуз эч жакка чыкпай турган болосуң.
— Мен силерге эмне кылдым? — Айсалкын тултуя өз ордуна отурду.
— Сага аз-зыр эле врач мырза чалды.
— Кайсы?
— Өзүңдү дарылаган Аваз Айталиевич.
— Эмне дейт?
— Сенин акыбалыңды билмек болуптур, бир келип кетсин дейт.
— Эртең барам, — Ошол учурда телефон кайрадан чырылдады.
— Ал-ала гой чоң кыз, врачың кабатыр болуп жаткан го? — деп Гүлмайрам берки кыздарга карап көзүн кысып койду.
— Ало-о, аа-а саламатсызбы, качан кайдан, кандай жумуш, жара-айт, — деген Айсалкын трубканы коюп сумкасын ала чыгып бара жатты, — Тез эле келем, — деди да күлүп чыгып кетти, ал ушунчалык толкунданып алган, неге экенин өзү дагы билбейт, Акматбек менен таанышкандан бери кайрадан көргүсү келип, эсине түшсө эле ал өзүн карап тургандай жүзү албырып чыга түшчү болду. Азыр чалган Акматбек эле, ал аны күтүп турган экен, таксиден түшкөн кыз жүрөгү лакылдай титиреп аста басып келди:
— Айсалкын кандай акыбал? — Акматбек озуна тосту.
— Саламатсызбы? — Уяң күлүмсүрөдү Айсалкын.
— Саламатчылык, Айсалкын бир жерге отуруп жай сүйлөшөлү.
— Сүйлөй бериңиз, жайчылык элеби?
— Баары жакшы, — Акматбек тамагын кыра саамга кызды карап туруп, — Эмне десем экен, жөн эле бир аз сүйлөшсөк дегенмин.
— Ушул жерден эле сүйлөшсөк болот го?
— Жо-ок, мындай болбойт, жүрү бир жерге баралы, — деп кызды жылмая колтуктан алды, — Жүрүңүз сулуу кыз. Акматбек өзүнүн Мерси менен аны шаардагы эң жакшы ресторанга алып барып төр жагына өтүштү, — Кана отура гой.
— Рахмат, — Айсалкын кызара ал жылдырган орунга отурду, — Бекер убара болдуңуз.
— Убарасы жок, бири-бирибизди жакындан таанысак жакшы болоор, — Акматбек жылмая карады, официантка келип буйрутманы алып кетти, — Үй жөнүндө сүйлөшүп койдум, кандай ойлойсуң Айсалкын?
— Мен эки жылдан кийин бүтөм, үйдүн…
— Үй тура берет, — Акматбек отургучка чалкалай отурду, — Сен окууну бүткөнчө турасың.
— Бекер убара байке.
— Айсалкын, сенин жигитиң барбы?
— Ж-жо-ок, эмнеге сурадыңыз? — Жүзү кызара карады.
— Биринчиден сулуу кыздарга көз артпаган жигит болбосо керек, экинчиден сиздей сулуу кыздын жигитинин жок экени кызык? — Күлүмсүрөй карады.
— Эмнеге?
— Жигити бар го дегенмин.
— Азырынча мени карай турган жигит табыла элек, — Күлүмсүрөй жооп кылды.
— Неге, же өзүңө жакпай жатабы?
— Ошондой, — Тамак келип калды, Акматбек толгон тамак-ашты буйрук берип бир винону дагы алдырды, — Муну…
— Айсалкын, бул жөн гана суусундук, эч нерсе болбойт.
— Мен ичпейм.
— Тамакка карайлы, — Колун жаңсады.
— Рахмат, — деп койду Айсалкын чынында ачка эле, көпкө тамактанышты, андан соң винодон Айсалкын ичкен жок, ошентип Айсалкынды кайра жеткирип койду, Акматбектин жаш жигиттей сыйчыл экенине ичи жылыды: «Мен аны сүйөм, мейли эл эмне десе ошол десин, мен аны сүйөм, ал мени сүйсө үй-бүлөөсүн дагы таштайт, аны менен дүйнө жүзүн кезип кетүүгө даярмын», — деп кубанычтуу бөлмөгө келди.
— Ийи, кандай өттү жолугушуу?
— Сүйүүсүн арнадыбы?
— Сени сүйүп калган го? — Кыздар ага жаадыра суроо берип жатты.
— Аваз Айталиевич кыйын врач дейт го?
— Жо-ок кызда-ар, мен аны менен барган жокмун.
— Эмне?
— Ким менен кеттиң эле?
— Сенин жашырганың бар го?
— Жо-ок! — деп кыйкырды Айсалкын аларга колун көтөрө, — Сөз бересиңерби деги?
— Болуптур сүйлө, — деп Гүлмайрам күлүп калды, анан үчөө аны карап калышты.
— Мен башка бирөө менен бардым, болдубу эми.
— Сүйгөнүңбү? — Аида күлүп оозун басып кыткылыктап кирди.
— Жо-ок, менин сүйгөнүм жок, бирок жакшы адам менен тааныштым.
— Ох-хо!
— Спонсор болчудайбы?
— Же сени сүйүп калыптырбы?
— Ошондой, сүйүп калса керек, — Айсалкын төшөгүнө жата кетти, — Эгерде сүйөм десе силерге айтам болобу?
— Сулуу жигитпи? — Дамира сурады.
— Сулуу…
— Бойдок бекен? — Гүлмайрам суроолуу карады.
— Бойдоктур да, — деп койду Аида.
— Андай мындайын билбейм, бирок сулуу.
— Бактылуу бол, — деди Гүлмайрам.
— Күйөөгө тием деп чыкпа эртең эле, — Аида күлүп калды.
— Кыскасы жаңыла көрбө, — деди Дамира.
— Кудай сактасын, — Айсалкын ойлуу унчукпай калды, кыздар дагы өз-өзүнчө ойлонуп жатып калышты, жаш кездеги оюнга тойбогон, күлсө күлкүгө тойбогон кездин өзүнчө бир рахаты бар эмеспи. Бир аз шарактап алышкан соң ар кимиси өздөрүнүн келечегинде кандай нерсе күтүп турганын кайдан билсин, ар бири өздөрүн керилген мырза жигитке туш болсом дейт эмеспи. Айсалкын Акматбекти көз алдына келтирип алып купуя жылмайып алды, андан кийин Акматбек күндө аны сабактан чыгып үйгө кетчү аялдамадан тозуп алчу болду. Эгерде ал келбей калса анын кабагы карыш түшүп эки жакты элеңдей анын көзгө тааныш Мерсин издей баштайт.
— Байке, эмнеге мындай кылып жатасыз, мен кызыңыз менен тең болсом, — деди бир күнү Айсалкын.
— Өзүм дагы билбейм.
— Аялыңыз билсе уят го, Арууке мени уят кылат.
— Эч ким билбейт.
— Кантип, сизди бир күнү болбосо бир күнү тааныштарыңыз көрөт да.
— Көрбөйт.
— Мындан ары келбеңиз, — деди Айсалкын, — Менин курсташтарым көрсө уят.
— Эмнеге?
— Менин ата-энемдин тааныштары мени көрсө…
— Айсалкын, эчтекеден коркпо, мен сага жамандык кылбайм.
— Билем, бирок минтип жүргөнүбүз уят.
— Эмнеси уят жөн гана сүйлөшсө болбойбу?
— Болот дечи, бирок ашыкча болуп кетти, — Айсалкын андан өзү айрылгысы келбей турса дагы анын оозунан бир сөз чыгабы дегендей сөзүн улантты, — Менин ата-энем угуп билип калса капа болот, керек болсо кечип кетишет.
— Жаман ойлобо, — деген Акматбек ойлуу рулун кармап кете берди, ал ушул турган ууздай жаш кызга бирдеме десе эле артын карабай басып кетеби деп коркуп ашыкча сөз сүйлөөдөн тартынат. Бул кызды жоготуп алуудан коркот, үйүнө барганда дагы үшкүрүп дурус бирдеме ичпейт. Айсалкынга жолугуп барганда кабагы ачылып неберелерине таттууларды алып барып оңуп калчу болду, жолукпаса кайрадан түнү бою уктабай дары ичип уктайт.
— Сиз капа болбоңуз, мындан ары келбеңиз.
— Айсалкын, үйгө эртең көчүп ал, — деди Акматбек аны укпагандай.
— Жо-ок.
— Жакшы кыз, — Акматбек унааны четке токтотту, — Биз сүйлөштүк го, ал үй меники, жөн гана бошотуп койдум, — деди калп айтып.
— Мейли, баары бир барбайм.
— Кой эми, мен акы албайм, анын үстүнө окуу жайдын жанында.
— Чынбы? — деп алып кайра кабагын салып калды.
— Ооба, кирип кетесиң дароо эле, көрүп келелиби?
— Көрөйүн, — деди Айсалкын көңүлсүз.
— Аа-азыр көрөбүз, — Акматбек унаасын буруп артка айдады, алар дал алар окуган окуу жайдын арт жагындагы кабат үйлөрдүн биринчи подъездине кирип экинчи кабатынын экинчи каалгасына келип токтошту.
— Ушулбу?
— Ооба, азыр көрөсүң, — Эшикти ачты, — Кана кир.
— Сиз кириңиз.
— Кире бер, — деди эле Айсалкын бөлмөгө баш бакты, эки бөлмөлүү үйдүн ичи жасалгалуу бойдон экен, кирсе чыккыс.
— Арууке билеби бул үйдү?
— Жо-ок.
— Эмнеге? — Айсалкын бурула карады.
— Ата-баланын ортосунда жашыруун нерсе болушу керек Айсалкын.
— Мен кеттим! — Айсалкын негедир дароо артына бурулуп бөлмөдөн чыгып кетти.
— Айсалкын, сага эмне болду?
— Эчтеке! — деди да жүгүрүп жөнөдү, Акматбек унчукпай кала берди, Айсалкын кетип бара жатып ыйлап алган. Эмнеге ыйлаганын өзү деле билбейт, болгону жүрөк түпкүрүндө анын акактай сезимин бир нерсе кирдетип тургандай, өзүнө ээ бербеген кызганыч ээлеп алгандай: «Жашыруун дейби, демек бул башка аялдар менен жолугуп турат экен го, аялы менен балдарынан жашырган ал кандай нерсе болмок эле, менин сүйүүм ушинтип кордолмокпу, мен неге ушул өзүмдөн улуу адамды сүйүп калуум керек, эгерде менин сүйүүмдү аздектеп ала турган болсо мен ал үчүн баарына даяр элем го», — деп солуктап ыйлап бара жатып жол боюндагы отургучка отуруп алып солкулдап жатканда аны артынан акмалап унаасы менен жай келе жаткан Акматбек жанына келип отурду:
— Эмнеге капа болгонуңду билбейм…
— Сиз көп аял менен жүрөсүзбү?
— Неге мындай дейсиң?
— Жашыруун үйүңүздө дейм.
— Ой жо-ок, сен үчүн баарын даярдаганмын, сатып алганыма үч күн гана болду, мен сени чоочутуп албайын деп айткан эмес элем, — Оор күрсүнүп алды, — Ушул жашымда өзүмдү башка бирөөнү сүйүп калам деп ойлобогонмун.
— Сүйүп калдыңызбы?
— Ооба, сүйүүм жоопсуз калабы деп корком.
— Эмне үчүн?
— Анткени ал мен үчүн кол жеткис.
— Сүйүүңүздү айттыңыз беле?
— Айтууга ооз барбайт.
— Катуу сүйөсүзбү?
— Абдан, бирок байкабай назик гүлдү үзүп соолутуп алгандан корком.
— Кызык экен, ал кайда?
— Жакын эле жерде.
— Айтып көрбөйсүзбү? — Айсалкын анын сөздөрүн түшүнгөндөй, негедир эмелеги үшүгөн жалбырактай дирилдеген сезимдери аны көздөй тартылып анын ийинине жөлөнүп алганын сезбей да калды, — Мурда сүйүп үйлөндүңүз беле?
— Ооба…
— Сүйүү жок болуп кетчү сезимби?
— Жок, сүйүү деген жаңыланып турушу керек.
— Кандайча?
— Адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин денеде ысык кан жүрүп турат, тирүү сезим улам кайра сүйүүгө акылуу, анткени сүйүү деген ыйык сезим адам баласын алга карай жашоого үндөп турбаса өмүр токтоп жашоо кызыксыз болуп калбайбы.
— Аялыңыз сизди сүйөбү?
— Балким.
— Сизчи?
— Билбейм, үйлөнгөн соң жоголгон.
— Жоголуп кеткени жаман экен, мен сүйүүдөн корком.
— Неге?
— Сүйүү жоголуп кайрадан башканы сүйүп кетсечи?
— Андай дагы болот, бирок баардык сүйүү бирдей эмес.
— Кантип, ар кандай болобу?
— Түбөлүк сүйүү бар, убактылуусу да…
— Менин сүйүүм түбөлүк болсо го…
— Сүйгөн адамың барбы?
— Ооба.
— Кайда?
— Жакын эле жерде, бирок менден алыс, — Экөө сүйлөшүп отуруп бири-бирин түшүнгөндөй болду, бирок экөө тең билгизбеди, эки жүрөк алыстан гана бири-биринин согушун тыңшагандай, эки бөлүнсө эле биротоло ажырап калчудай… Бирок ал экөөнү кыз-жигит эмес ата-бала деп ойлогудай, ал эми сезимдер эч качан улуу кичүүнү айырмалабаган улуу күч эмеспи. Бул эки жаш дагы улуу күчтүн кулу эле, экөөнүн сүйүүсүнө эч нерсе туруштук бере албас, алар азыр өз дилдеринде толкуну катуу сел, агыны күчтүү дайра, чартылдаган чагылгандуу нөшөр же дүйнө жүзүн каптаган өрт келе жатса дагы сезимдеринен баш тартпас эле, бирок азыр алар качандыр бир кезде бири-бирин түшүнүп эки айрылыш жолго түшөөрүн сезишпеди..
Айсалкын кайрадан батирине кубанычтуу келди, кыздар жок болчу, кийимдерин жыйып өзү кете турган болуп камынып жатты. Ал баарына кайыл болуп турду, ал учуп дилинде баарына көз жумуу керек болчу, кечки саат алтылар болуп калган болчу, Зуура кирип келди, Айсалкын жетип эле кучактап калды. Демейдегиден башкача кубанычтуу, жүзү албыра көздөрү жайнап кеткен кызын көргөн эненин көөнү жайлана түштү, үйдөгү эки уулу дагы бой жеткен, Табылды айылда калып үйлөнгөнү жаткан эле, эми кызынын бактылуу жүзүн көрүп: «Ээ кудай, ушулар бактылуу болсо Туку экөөбүздүн бактыбыз ошол эмеспи, бу кыздын бир сыры бар, чекип сурап көрсөм бекен, жигит таап алдыбы, сурасам айтаар бекен, же тим койсомбу, өзү айтпаса сурабай эле коеюн», — деп ойлонуп калганда Айсалкын атасы менен инилерин сурап келип:
— Апаке, мен бир сыр айтсам таарынбайсызбы? — деди жаракөрлөнө кучактап өөп.
— Кызым, качан капа болчу элем, айта гой.
— Апа, мен сүйүп калдым.
— Кимди ботом? — Эне кызын элээ карады.
— Бирөөнү апа, — Эркелей карап күлүңдөп турду.
— Ким ал, сени сүйөбү?
— Ооба, ал дагы мени сүйөт апа.
— Мейли кызым, бактылуу болсоң болду, кайсы жерден экен?
— Шаардык эле.
— Бактың ачылсын кызым, — Зуура кызын боорун кысты.
— Апаке.
— Ийи.
— Урушпайсызбы?
— Эмнеге урушам, сенин өз теңиңди таап кеткениңе кубанам кызым.
— Апа.
— Оов.
— Ал менден улуу адам.
— Эмне дейт ботом? — Зуура чоочуп кетти.
УЛАНДЫСЫ БАР.....