Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
МАЗМУНКичине Ананди 8 жашында турмушка чыгып, келин аталат. Күйөөсү Жагдиш теӊ чамалаш куракта. Андан да жаманы – Анандинин чоӊ кайненеси Каляни бечараны кууратып катаал болот. Ата-энесин сагынып, башына чоӊ түйшүк түшкөн Ананди канчалык кыйноого туш болсо да, тагдырына көнөт. Жылдар өтүп Жагдиш экөө чоӊоюп, ортолорунда ысык махабат пайда болот. Ананди сабырдуу, күйөөсүнө күйүмдүү, акылдуу келин эле. Жагдиш чоӊойгондо окуп жүрүп Гаури аттуу кызды жактырып калып, Ананди менен ажырашат. Күйөөсүнүн көп кылыгына чыдап күткөнү менен, Жагдиш Гаури менен никеге турат.