Тилдеги уулуу канжардан ушак-айың жаралат. Бул канжар жүрөктөгү сүйүү, боорукерлик, мээримдүүлүк жана биримдикти жаралап өлтүрөт. Адамды адамга душман кылат. Ушак-айыңдын зыяндуулугун Фудайл бин Ияз минтип эскерет:
"Гыйбат кирген жерден ынтымак кетет!"
Ушак-айың – напсиге жеңилүүнүн, көөдөндөгү сезимдердин куйтулугунун, ахлактын начардыгынын белгиси, ошондой эле арамза напсини семирткен оор күнөө. Анткени, ал өзү сөз кылып, айыптап жаткан адамга караганда өзүн өйдө көрөт, тыңсынат. Башкача айтканда, "Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт". Ошол замат (эгер тобо кылбаса) өзүнүн күнөөгө батып калганын элес албайт. Алла Элчисинин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мына бул хадисин унутпоо керек:
"Мусулман диндешин кордоо, басынтуу, теңсинбөө адамга күнөө катары жетиштүү".(Муслим)
Айрыкча кимдир бирөөнү күнөөлөп, орой сын таккан адамдар көп узабай дал ошол ката ишке өзү кириптер болуп калганын карт тарыхтан да, күнүмдүк турмуштан да кезиктирүүгө болот. Анткени, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай деген:
"Күнөөгө баткан диндешин айыптаган адам ошол күнөөнү өзү жасамайын өлбөйт".(Тирмизи)
Гыйбаттын тээ тереңинде текеберчилик, менменсинүү, Жараткандын пендесин теңсинбөөчүлүк, душмандык, кекчилдик сыяктуу көптөгөн жексур сапаттар жатат. Бул ушакчынын жүрөгүндө эмнелер бар экенин каңкуулап турат.
Ушак-айың – момун-мусулмандардын ортосундагы ынтымакка от жаккан жана жаман ойлорду оожалткан уу. Бул жаатта Кутман Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көптөгөн эскертүүлөрү бар:
"Эч кимиң мага башкалар тууралуу сөз ташыбасын! Анткени, мен силердин алдыңарга таза жүрөгүм менен чыккым келет!" (Абу Дауд).
Гыйбат – бул адамзаттын оозун, жүрөгүн жана ички ааламын булгаган жаман күнөө. Азирети Айша энебиз (Алла андан ыраазы болсун): "Мусулман тууганынын артынан сөз агытканы үчүн эмес, адал тамак жегени үчүн оозун жууп жүргөндөргө таң калам!"деген.
Тилдин балээси Ушак китебинен
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев