Кыргызстан Казакстанга сугат мезгилинде 580 миллион куб метр суу берет Кыргызстан 2025-жылдагы сугат мезгилинде Казакстанга 580 миллион куб метр суу бөлүп берүүнү макулдашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, өткөн аптанын соңунда Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы суу чарба объектилерин биргелешип пайдалануу маселелери боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда комиссиянын жыйыны өткөн. Кыргыз делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектесе, казак тараптын делегациясын Казакстандын суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык объектилерден суу алуу графиктери, суу бөлүштүрүү көлөмдөрү жана объектилерди каржылоо маселелери талкууланды. Жыйынтыгында эки тараптуу протоколго кол коюлду. Макулдашууга ылайык, Кыргызстан 2025-жылдын сугат мезгилинде Казакстанга жалпы 580 миллион куб метр суу берет: анын 400 миллион куб метри Талас дарыясынан, 180 миллион куб метри Чүй дарыясынан берилет. Кыргызстан менен Казакстан суу-энергетикалык тармакта да тыгыз кызматташат. Нарын дарыясынан башталып, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу Казакстанга агып өткөн Чүй дарыясынын суусунун 48% Казакстанга, 52% Кыргызстанга туура келет. Эки тараптуу макулдашууга ылайык, сугат мезгилинде суунун 80% чейин бөлүгүн кыргыз тарап пайдаланат. Талас дарыясындагы Киров суу сактагычынын суусунун 30% Кыргызстан пайдаланса, калган бөлүгү Казакстанга берилет. Ошол эле учурда, суу чарба объектилерин биргелешип пайдалангандыктан, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарын оңдоп-түзөө жана техникалык тейлөө иштерине Казакстан тарап да каржылык колдоо көрсөтүп келет.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев Таласта жүндү кайра иштетүүчү цехтин ачылышына катышты Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Талас районунун Көк-Кашат айылындагы жүндү кайра иштетүүчү жаңы цехтин ачылыш аземине катышты. — Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын негизинде ушул кайра иштетүүчү ишкана курулду. Бул – кластер багытындагы ишкана. Жүн кабыл алынып, топтолуп, жуулуп, тырмалат, тазаланат жана андан соң шырдак жасалат. Мындан тышкары жууркан тиге турган станок да орнотулду. Учурда эки стандартта жууркандар тигилип жатат. Биз Кыргызстан боюнча жүндү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу боюнча тапшырмаларды бергенбиз. Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай иштер жүрүп жатат. Жалпысынан алганда, бир гана жүн эмес, май чыгаруучу, сүт топтоочу пункттар, тоок фермалары да ачылууда, — деп белгиледи иш-чарада министр Бакыт Төрөбаев. Инвестиция тартуу менен аталган өндүрүштүк объектини түзүүгө 10 миллион сом жумшалган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 килограмм жүндү кайра иштетүүгө жетет. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт. Цехтин ишке кириши аймактын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттигинин өкүлү Шебне Алп менен жолукту Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана колдоо багытында Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттиги тарабынан берилүүчү 2,27 млрд доллар суммасындагы каржылоо маселесин талкуулашты. ЭлТР Кыргызстан
    0 комментариев
    0 классов
    Бишкекте «Сапат» сыйлыгы ыйгарылды 2023–2024-жылдар үчүн сапат жана өнүгүүгө кошкон салымы үчүн «Сапат» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү Бишкекте сыйланды. Сыйлыктарды Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев тапшырды. Анын айтымында, бул сынакка быйыл 25 жыл болду жана ал сапатты жогорулатууда жана атаандаштыкты күчөтүүдө маанилүү курал болуп калды. "Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүдө. Ички дүң өнүм (ИДӨ) 1,5 триллион сомдон ашты. Жылдык өсүш кеминде 9 пайызды түзүүдө. 2024-жылы өлкөдө 102 жаңы өндүрүш ишканасы ачылды. 2025-жылы дагы 128 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү өнүгүүнү колдойт. Экспорт 15 пайызга өстү. Бул көрсөткүч продукциянын көлөмүнөн сапатка өтүүнү билдирет", - деди ал. Төрөбаевдин айтымында, бул сыйлыкты ыйгарууда негизги критерийлердин бири — продукцияны кайра иштетүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү болуп саналат. «Сапат» сыйлыгы жогорку сапаттагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, натыйжалуу башкаруу жана кесипкөйлүк үчүн берилет. Сынак эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Ал өнөр жай, керектөө товарлары жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы номинацияларды камтыйт. Бакыт Төрөбаев лауреаттарды жоопкерчиликтүү мамилеси жана экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев: Дыйкандар санариптик технологиялардан артта калбашы керек Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги заманбап технологияларды өлкөдөгү ар бир фермерге жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев Бишкекте өтүп жаткан «Санариптик фермер – 2025» форумунун алкагындагы айыл чарбасындагы заманбап технологиялар көргөзмөсүндө билдирди. «Биздин негизги милдет – фермерлер күнүмдүк иштеринде санариптик инструменттерди натыйжалуу пайдалана ала турган шарт түзүү. Бул үчүн фермерлерди маалымат менен камсыздап, окутуу, ыңгайлуу онлайн кызматтарды жайылтуу, заманбап инфраструктурага жана инновациялык технологияларга жетирүүнү камсыз кылуу маанилүү», – деди Төрөбаев. Эске салсак, Бишкекте «Санариптик фермер – 2025» форумунун алкагында айыл чарбасындагы заманбап технологиялар көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарада фермерлер айыл чарба тармагындагы санариптик трансформациянын алкагындагы алдыңкы технологиялар менен таанышып, аларды кантип сатып алуу жана колдонуу тууралуу кенен маалымат алышууда.
    0 комментариев
    0 классов
    Бакыт Төрөбаев: Ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек — бул мамлекеттик талап Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Сокулук районунда жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышып чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев "Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык, ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүшү керек. Бул — мамлекеттик талап. Акимдер жана айыл өкмөт башчылары ушул багытта иш жүргүзүүгө милдеттүү. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр өз карамагындагы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берип, ошонун эсебинен жан багып келишет. Мен былтыртан бери сунуштап келе жатам, айыл өкмөттөр бул жерлерди ижарага бербестен, эл менен чогуу кооперативдерди түзүп, МТСтерди иштетсе, пайда табууга болот. МТС жөнөкөй элге 20% арзаныраак кызмат көрсөтүп, пайда алып келет," — деди ал.
    0 комментариев
    0 классов
    Кытай менен Кыргызстан кызматташууну кеңейтүүгө даяр — Бакыт Торобаев менен Шэньси делегациясынын жолугушуусунун жыйынтыктары МТРК "ЭлТР"
    0 комментариев
    0 классов
    Жазгы талаа иштерине күйүүчү май жетиштүү камсыздалат 2025-жылдагы жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 42,2 миң тонна дизель жана 12 миң тонна бензин керектелет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Министр белгилегендей, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына ылайык, нефтебазаларда жана автомай куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар, күйүүчү май менен камсыздоодо эч кандай көйгөй күтүлбөйт. "Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2025-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында дыйкандарга 10 миң тонна дизелди жеңилдетилген баада – 65 сомдон берип жатат. Эгерде бул көлөм жетишсиз болуп калса, кошумча дагы 10 миң тонна бөлүнүп, жалпы 20 миң тоннага чейин жеткирүү планы бар", – деп билдирди Төрөбаев.
    0 комментариев
    0 классов
Фильтр
586232397745
  • Класс
Показать ещё