Ойлонтпогон балдарыңдын убалын,
Канча турат беш мүнөттүк кумарың?
Миң ойноштон өйдө турат билип ал,
Тамак жасап күтүп жаткан жубайың.
Көчөлөрдөн көздү ойнотуп басасың,
Сулуу көрсөң бойдок болуп шашасың.
Бир үзүм эт жан дүйнөңдү башкарып,
Ала жиптин миң кырларын ашасың...
"Эркекмин" деп өзүңдү-өзүң кечирип,
Селки көрсөң бал болосуң чечилип.
Шамалга учуп үйдөн каткан акчалар,
Ыйман кетип сайрандайсын чечинип.
Көңүлдөшүң жан дилинен сүйгөндөй,
Элжирейсиң сендик болуп жүргөндөй.
Таштап качат акчан калбай калганда,
Ширеңкенин күкүрттөрү күйгөндөй...
Ак никенин ыйык шертин бузбагын,
Балдарыңдын жан дилине куспагын.
Ойношу жок эркек болуп үлгүлүү,
Жубайыңа мээрим төгүп уктагын...
АТА деген атты сактап ар дайым,
Үй-бүлөнүн тиреги бол сактаган.
Тизгин тартып түз жашаган эркекти,
Пайгамбар да дуба кылып мактаган...
Автор:Жибек Акматбекова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11