13- бөлүк
Үйгө кирип ата-энеме баарын түшүндүрдүм эч нерсе өзгөрбөгөнүн,оорум да күчөп баратканын,учурда эч ким м-н сүйлөшкүм келбей жатканын,эч ким тааныбаган жерге кетүүнү,мен катуу ооруп жаткан учурда жолдошум Уран "сен мага көңүл бурбай койдуң"- деп башка кыздар м-н сүйлөшүп алганын баарын айттым,бирок токтоолук менен, көзүмдүн жашын агызбаган абалда, чечкиндүү түрдө айттым.Атам анда Москвага эжендердин жанына барып жүрүп кел- деп дароо иниме чалып билет алып коюшту эртеси күнгө.Таң атып жумушка барып, директорго үй бүлөлүк шартыма байланыштуу Москвага кетишим керек болгонун түшүндүрүп арызымды жазып,жумуштан чыктым.Окуучуларымды аябай жакшы көрчү элем,алар да мени м-н коштошуп ишенгилери келбей узатышты.Ошентип 30га келип алыска чыкпаган жаным Москвага жөнөдүм.Кетээрден алдын Уранга "балдар сага аманат,мени коргой албадың,эч болбосо кыздарынды коргой алаарсың?!"- деп смс жазып, мектептен чыгып үйгө жөнөдүм.Уран жумуштан чыгып баратсам алдымдан унаасын басып айдап, аңгыча өзү келип калды.Жалдырап макул Москвага барып кел,эс алып кел,бирок ажырашам , бүттү дебе суранам,1жыл дебе 3ай жүрүп кел сураныч деди.Жок десем тынчымды ала берет,ооба деп алдап салдап кетирейин деп,ооба деп кутулдум.Ошентип оюмда жок жерден Москвага барып калдым.Аллахым баарын көрүп турат экен,мен эмне сурасам берип жатты акыркы күндөрү.Жараткандан чарчадым аябай,эч кимди тааныбаган жерге кетким келди,оо Кудай күйөөмдүн ою кандай?! Жакшы жашап кетебизби? Жакшы жашап кетсек бир аян бер, аракет кылып чыдап жашайын,эгер жакшы жашай албай турган болсок,эч нерсе өзгөрбөсө да өзүн көрсөт!?- деп тиленип жүргөн убакта,Урандын анык жүзүн көрүп, баарынан чарчап, жөн гана тынчтык издеп калдым.Ошондой күндөрдө Москвага барып эжемдер м-н жашап калдым, көчөгө чыксам аябай кооз жаратылыш ,аба ырайы суук,айланада эч ким "сага эмне болду? Эмне кылып жатасың, кандай жашап жатасың,эмнеге андай,эмнеге мындай?!"-деп сураган жан жок.Намазларымды да убагында окуп,жада калса түндөсү ойгонуп тахажудда окуп жаттым,жан дүйнөм тынч алып калды бир азга,бирок өзүм м-н өзүм элем ошондо да ич ичимден.Эжем жумуш таап , өзү жумушка жөнөтүп, көп нерселерди үйрөттү.Бир квартирада 3эжем,жездем жана тагам мен болуп жашайбыз.Жумушка барам,келип өзүмө жаккан тамакты жасап жеп,акчамды чогултуп алып Москвадагы 100жылдык поликлиникага барып көрүнүп жаттым.Бир күнү катуу башым айланып туралбай жатып калдым,эжем давлениямды текшерсе сол тарабымда 84/47 оң тарабымда 95/60 көрсөтүп жатты.Эжем кофе жасап,эт бышырып берип, шоколад берип карап жатты.Ошентседа башымдын айланганы калбай жада калса отуралбай жаттым,же уктай албайм, көзүмдү жумсам, ачсам да башым айланат.Оо Аллах дегенден башка сөз айталбай жаттым.
Уландысы бар......
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер
Автору:Рапия Маматова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13