Предыдущая публикация
Экөөбүздү бөлүп турат алыстыктар,
Сенде дагы, менде дагы "жалгыздык" бар.
Бул дүйнөдө миң жалганда чындык алсыз,
Акыретте, бир жалган жок! "Калыстык" бар.
Сен экөөбүз "батыш" менен "чыгыштайбыз",
Эми качан жүрөк жылып бир кыштайбыз?
"Үркөр" болуп түн ичинде жымыңдасам,
Үрүл таңда бирикпеген жылдыздайбыз!!!
Угам сенин "Арген" үнүң тээ алыстан,
Утур-утур бүт денемден тер агызган..
Сол жактагы алакандай бир муштум эт,
Согуп-согуп, токтой түшөт эхх "жашык жан"..
Ал себеби бөлүп турат "аралыктар",
Аттиң менин дартымда бар капалыктар..
Махабатта таза сезим анык болсо,
"Майдай" жагып, "өрттөй" күйчү капалык бар!!!
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев