Белгисиз күч, бүт аралайт ичимди,
Кандуу согуш кычыратат тишимди.
Элестетем ошол күндүн ызгаарын,
Жадакалса кан чыланган китинди.
Күндүн бети көрүнбөгөн туңгуюк,
Күзү деле билинбеген кум куюп.
Жер энени сезип турам андагы,
Тек жарадар ичи ачылган уркуйуп.
Дарыялар сууга жетпей зар болуп,
Ай-талаага набыт толуп тар болуп.
Эне сыздайт уулун берип ажалга,
Көктөм жайда жан-дүйнөсү кар болуп.
Ата жүрөт араң басып майданда,
Кара нандын даамы кетпей таңдайда.
Кесилгенден оозу кургап кеберип,
Суусундугу кээде канып канбайда.
Көз ирмебей түн уйкусуз өткөндүр,
Боз уландын жылдыздары өчкөндүр.
Ааламатын аябаган жамгырда,
Ай-жумалап жер бетине төккөндүр.
Дүйшөнкулун, Чолпонбайын кыргыздын,
Дүйнө бу сен жанын алып тынгыздың.
Дүбүртү чоң ошол кыйын кезеңдин,
Намыс менен алга карай жылгыздың.
Манас бабам урпактары канча ирет,
Кыргыз эли келет дале далилдеп.
Жылдар эмес кылым өтсүн жалганда,
Жыкканы үчүн аталарга баш ийет.
Эли-жерин коргоп жоого аттанган,
Эрдик үчүн түбөлүктүү каниет.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев