КЫРК ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ.
Касым мага жалынычтуу аянычтуу суроолу бирок муздак кайрылды. Мен баш көтөрүп ал жакка караганым менен үн чыгарып сүйлөбөдүм.
------------ Бул нерсе жөнүндө бүгүн сүйлөштүк. Бирок эч нерсени өзгөрткүм келбейт. Мен таштаган кыз ошол балдар үйүндө эле калсын.
Касым мага ушул сөздөрдү айткандын ордуна атып салса да жеңил болоор беле. Ичимден аны түшүнүп аяп мээрим берип дұйнөдө жалгыз эмес экенмин деп жатканда, анын бул сөзү ички дүйнөмдү бузуп сындырып цементтеп салды.
----------- Сен экөөбүз эч кимде жок империя түзөбүз. Баары бизге чөгөлөшөт. Акчанын түбүндө калабыз. Бүгүн жаңы жумушка кол коюп келдим. Спорт клубдарга барган каны кызуу жаш жигиттерди акчага кызыктырып Иранга сатабыз. Аларга көп кадрлар керек болот. Жаңы бизнес баштап жаткандарды жолдон чыгарасың. Сен мен айткан адамдар менен жакындан таанышып эле алар жөнүндө мага керектүү маалымат алып берсең болду. Калганын өзүм бүтүрөмүн. Экөөбүздү байланыштырып турган нерсе акча эле болсун.
Касым чын сүйлөп жатабы же жалганбы дегенсип анын жүзүнө карадым. Катып турган өңү кыймылдаган жоок. Анын жүзүнөн эч кандай сезимди көрө албадым. Мен ойлогом ""АТА-БАЛА КАТАРЫ ЖАКЫН БОЛУП КЕТЕБИЗ, БОЛГОН ИШТЕРДИН БААРЫН УНУТУП, БУЛ ШААРДАН КЕТИП ЖАҢЫДАН ЖАШОО БАШТАЙБЫЗ """"" деп бирок.....
------------------- Мен башка мындай иштерге барбаймын. Чарчадым. Жаңыдан жашоо баштагым келип жатат....
Мен ага сууз сүйлөдүм. Касым ооз ачкан жоок. Колундагы кандайдыр бир ачкычты тегеретип кез-кезде столго ургулап коюп ойлуу олтурду. Менин тагдырым чечилип жаткансып, жүрөгүм зырылдап кандайдыр бир коркуу сезими пайда болду. Касымдын оозун тиктеп эле олтуруп калдым.
----------- Кете берсең болот. Сени толук бошоттум. Өзүң айткандай жаңы жашоо башта. Бирок бул дүйнөнү такыр эстен чыгарышың керек. Менин шартым ошол.
Мен андан мындай сөз күткөн эмес элем. Чын айтып жатасынбы дегенсип карадым. Касым мен тарапка көңүл дагы бурган жоок. Жат эле адамга сүйлөгөндөй кайыр кош сүйлөдү. Жүрөгүм ызаага толду.
------------ Мен эрте менен кетейин....
--------------- Каалаган убактыңда кетсең болот. Каласаң азыр кет......
Мен ордумдан туруп босого тарапты көздөй жөнөдүм. Арткы туюмум менен Касымдын көз карашын сезип турдум, бирок бурулуп караганым жоок. Ал дагы мени токтотподу. Бөлмөмө барып кийимдеримдин керектүүсүн чемоданга салыштыра баштадым. Менин алдыдагы жашоом дагы туңгуюкка кабылды. Эртеңки күнүмдөн коркуп турдум. Мени адамдар өз кызыкчылыгы үчүн бир убакта пайдаланып, кийин керексиз буюмдай таштап жиберчүүдөй сезилди. Ар дайым өзүмдү күчтүү аял болуп, көп нерсени көңүүлүмө албай жүрсөм бул жолу полго олтуруп алып ыйладым. Мен бул дүйнөдө жашагым келбей калды.
Эрте мененки саат тогуздарда кийинип, чемоданымды сүйрөп сыртка чыктым. Сырттагы кеч күздүн суугу бети колумду ачыштырып жиберди. Бурганактап учуп бирин серин кар жаап турду. Үйдө эч ким көрүнгөн жоок. Көзүмө кара көз айнекти тактым. Анын ичинен аккан көз жаштар бетимди жууп жатты. Бутумдагы шиш така менен оор чемоданды күчкө салып сүйрөп бараттым. Үйдөн беш алты кадам бери жылып артыма бурулуп карап, биринчи кабаттагы коридордун терезесинде турган Азаматты көрдүм. Ал мага бир нерсени айткысы келгенсип, кайра кайра баш чайкады. Менимче мени артка кайтаргысы келди чамасы. Бирок мен аны көрбөгөн адамдай болуп койдум. Көзүм кокустан балкондо турган Касымга түштү. Экөөбүз бир саамга тиктеше түштүк. Ал чөнтөгүндө турган бир нерсени оң колу менен сыйпалап, чыгарсамбы чыгарбасамбы деп ойлонгон адамдай экиленип турду. Мен анын колуна жакшылап көңүл буруп карадым. Кара пистолеттин кармагычын байкадым. Менин артымдан ок учуп келе жатканын элестетип, денемди кандайдыр бир муздактык, аралады. Мен артка бурулуп чемоданды сүйрөп бараттым. Ар бир кадамым мен үчүн өмүрдүн бир көз ирмеминдей сезилди. Тык тык тык деп шиш така менен брусчатканын үстүндө баскан сайын, ошол шиш таканын үнүнө өзүм кыжырланып бараттым. Мен үчүн жол түгөнбөй эле койду. Дарбазага жетериме үч төрт кадам калды. Бир , эки, үч, төрт ...деп ичимден эсептеп артыман учуп келип желкеме тийип, бүт денемди чачыратып, жибере турган бир эле окту күтүп жаттым. Менин жыйырма беш жылдык өмүрүм бир эле окко арзый турганын билдим. Айтмакчы жыйырма бешке кирген күнүм Касым мени парга олтургузуп кыйнаган күн болчу. Менин туулган күнүмдұ белгилеп, куттук айтып кубанган адам жок болгондуктан, ал күндү такыр эстен чыгарыпмын.
Уландысын эртеге. Бир күндө бир жолу чыгарып турам. Жумуштарым толтура. Дагы 7бөлүм калды. Биринчи китебинин бүтүшүнө
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20
Менен кутобуз
*Ойлонуштун эч кандай кереги жок себеби пайдадан башка зыяны тийбейт*. 0707046333 Жазыныз уйротом. Катталуу бекер.