КЫРКЫНЧЫ БӨЛҮМ.
Москва шаарындагы кыргыз жаштары үчүн ачылган белгилүұ бир спорт клубдун алдына келип токтодук. Касым машинанын астынан түшүп мен тараптагы эшикти ачып, мени колдон алып түшүрдү. Бутумдагы ыңгайсыз шиш такага көнбөгөндүктөн чалышып барып боюмду түздөдүм. Касым колумдан аяр кармап колтуктап алды. Сыртта эч ким көрүнгөн жоок. Биз ичкериге киргенде кире бериште турган эки жигит Касым менен жакшы тааныштай жылуу учурашты. Касым мени коё берип, алардын жанына жакын барып бир нерселерди сүйлөп турду. Ал убакта сырттан дагы эки киши кирип келишип аларга кошулду. Мен бери жылып терезеден сыртты карап туруп калдым. Касым алар менен бир аз тургандан кийин жаныма келип, мени ичкериге алып кирди. Анча чоң эмес залдын ичинде жарык күңүрт болуп күйүп турду. Залдын ортосундагы чакан аятчанын айланасында отуз адамга ылайыкташтырылган кызыл түстөгү жумшак отургучтар тизилиптир. Биз биринчи катарга барып олтурдук. Бир аз олтургандан кийин бир экиден адамдар кирип жатып, жыйырма чактыдай болуп топтолдук. Биздин жаныбызда коюлган чакан столдо турган муздак шампанды ачып, эки бокалга куйган Касым бирөөсүн мага сунду. Тарелкада жумшак жылтырак кагаз менен жабылган жемиштердин бетин ачып, мен тарапка жакынырак кылып жылдырды. Мен анын жанында олтурганым менен башымдын ооруганына чыдабай дүйнөм тарып, көзүмө эч нерсе көрүнбөй мээнин оң капталы ылдый тарткансып сыздатып жатты. Өзүмдү алаксытуу үчүн бокалдагы шампандын баарын жута салдым. Касым мага таңкалгансып карап койду. Бирок сүйлөбөдү. Ал деле бүгүн башкача. Өңү кубарып бир жери ооругансып же чарчагандай болуп олтурду. Залда жай музыка жаңырып жаткандыктан, отургандар бири бирин тааныса да тааныбаса да үн сөзсүз эле баш ийкемиш болуп салам-алик алып жатышты. Сыртта Касым менен көрүшкөн кишилер спортчу жигиттердин жанынан орун алышты. Келгендердин ичинен менден башка аял көрүнбөгөндүктөн, эркектердин баары эле мага көз кырын салып карап жатышкандай туюлду.
---------------- Кара күрмөчөн кишини көрүп жатасыңбы? Ушул клубдун башчысы. Жигиттерди сатат. Жакында эле чечендер менен келишим түзүптүр. Ошол боюнча билейин дедим эле.
Касым мага жакын келип шыбырап сүйлөдү. Мен эч кимге байкатпастан ал айткан кишини карап алдым.
---------------- Жалаң эле эркектер экен мен үйдө калбаптырмын.
Олтургум келбей мен ага сүйлөдүм.
------------- Мен сени мактанганы алып келди дейсиңби? Иш бар.
Касым жини келгендей карап койду. Аңгыча сырттан кара пальто кийип, көз айнек таккан киши баш бакты. Колундагы телефонуна алаксып кимдир бирөөгө бир нерселерди түшүндүрүп жатты. Ал турган тарап күңүрт болгондуктан мен анын жүзүн көрө албадым. Бирок ал мага тааныш адамдай сезилип турду.
------------- Бүгүн өзүмдү начар сезип турамын. Чарчадым окшойт.
Касым колундагы бокалды столго коюп артка чалкалады. <<<Элестетип жатамын кече тұндөсү эмне болгонун>>>> деп мен өзүнчө ойлонуп алдым. Бир аздан кийин дагы бещ алты кишилер кирип биздин жаныбыздагы бош орундарга отурду. Касым көрсөткөн киши алардын жанына басып келип жылуу учурашып кетти. Рингдин ичине ак көйнөкчөн отуз-отуз эки жаштардагы узун бойлуу жигит кирип, жагымдуу мукам үн менен залда олтургандарга салам айтып, <<<ЭРЕЖЕСИЗ ЭР ТАЙМАШТЫ>>> ачык деп жарыялады.
--------------- Ушул эле көрүүчүлөр болобу?
Залда олтурган отуз чактыдай адамды бир карап, Касымдан таң калгандай сурадым.
----------- Бұгүн көрсөтүү тандоо болот. Билбеген адамга жөн гана оюн болгону менен, биз чакан чөйрөдөгү адамдар бул жерге чоң суммада акча төлөп,башка максатта келгенбиз. Бул жерден эң күчтүү жигиттерди сатып алса болот.
Касым сөзүн бүтүп бүтө электе рингге эки жигит кол чабуулардын коштосунда чыгышты. Жаш курактары он тогуз жыйырмадан ашык эмес, денелеринде бир да ашыкча майы жоок, тарамыштуу жигиттер, бир аздан соң баштагыла деген буйрукту угуп, бири бирин айосуз тепкилеп жатышты. Өзүмдү жырткычтардын короосуна кирип калгандай сездим. Касымды карасам менин бар экенимди алда качан унутуп, оюндун азгырылыгына берилип, ортодо бири бирин кандап жаткан жаш жигиттерден көзүн албай коштоп олтурду. Эки жагымды карасам Касым эле эмес келгендердин көбүнө бул көрүнүш жагып жаткандай жыргап жатышты. Эки жагымды каранып жатып, артымда бирөө теше тиктеп карап жаткандай сезилип кетти. Мойнумду буруп карасам жанагы көз айнек тагынган киши, мага бир нерсе айткысы келгенсип жанында олтургандарга билдирбей мага башын ийкеп койду. Бир жамандыкты сезгенсип жүрөгүм башкача шуулдап алды. Бир аздан кийин сумкамды көтөрүп сыртка жөнөдүм. Касым аялдардын бөлмөсүнө бара жатканымды көрүп унчуккан жоок. Коридорго чыксам эч ким көрүнбөдү. Ичкеридеги коштогон кыраан каткырык ошол жакка чейин угулуп,турду. Кирип келе жатканда көргөн жигиттердин бирөөсү эмнени издеп жатканымды биле коюп, кол жаңсап коридордун эң аягын көрсөттү. Мен ал көрсөткөн тарапка басып жөнөдүм. Аял эркектердин эшиги жанаша турган чакан ажаткананын эшигин эми эле ачканда артымдан бирөө кирди. Ал тарапка караганда жанагы көз айнекчен киши экөөбүз бет маңдай тиктеше түштүк. Мени бир саамга тигиле караган киши, төш чөнтөгүндөгү конвертти алып мага сунду.
Экөөбүздү бирөө көрүп калчуудай болуп тез тез басып сыртка чыгып кетти. Мен эшикти ичинен илип, сумкамды кол жуучу раковинанын бир четине койдум. Конвертти ары бери ачып, ичиндегисин көрүүгө шашылдым. Төрт бүктөм кагаз менен карала сүрөттү көрүп, азыр эле кандайдыр бир чоң сырдын бети ачыла тургансып алгым келбей ойлонуп туруп калдым.
Сүрөттү колума алып көпкө тигилип турдум. Көзүмдөн аккан тамчы жаштар мөлтүрөп беттен ылдый агып жатты. Катты окубай туруп эле сүрөттөгү жарашыктуу жаш жубайлар менин ата-энем экенин билип турдум. Аларды өмүрүмдө көрбөсөм да, алар мени таштап кетсе дагы, жүрөгүмдө кандайдыр жылуу сезим ойгонду. Сүрөттө аппак жүздүү көздөрү мөлтүрөгөн узун моюн жаш келин колундагы чүрпөккө оролгон наристесин бооруна кысып, бактылуу жылмайып олтурду. Анын жанында олтурган жаш жигит келинди желкесинен аяр кучактап, камерага жагымдуу жылмайып караган. Тиштери тизилген жүзүнөн нуру төгүлүп турган жигиттен көзүмдү албай узаак карадым. Анын сулуу жүзү мага тааныштай сезилди. Көздөрү жанып ошол убакта бактылуу болуп турса да тээ көдөнүндө жащарынып турган кандайдыр бир муздактыкты сездим. Бул көз карашты кайдан көрдүм эле деп ойлонуп алдым.
Сары кызыл аралаш гүлдөрү бар көйнөгүнүн топчусу эми эле бала эмизип, топчулабай туруп сүрөткө түшкөндөй болгон келиндин аппак денесине карадым. Анын мойнундагы дал меникиндей күрөң калы бар экен. Демек мен апама окшош экенминда деп ойлоп койдум.
Колумдагы катты ачып бир четтен окуй баштадым.
<<<<<<< КЕЧ КҮЗ БОЛЧУ. БАТЫШТАН ЖЫЛЫП КЕЛГЕН КӨК ТУМАН АЙЛАНАНЫ БИР ЗАМАТТА ЭЛЕ КАПТАП КИРДИ. СЫРТТА БООРОН ЧАПКЫН АРАЛАШ ЧЫКЫРОН СУУК БОЛУП ТУРДУ. БАЛДАРДЫН КЕЧКИ ТАМАГЫН БЕРИП БҮТҮП, СЫРТТАН КӨМҮР АЛЫП КЕЛГЕНИ ЭКИ ЧАКАНЫ КӨТӨРҮП ЖӨНӨДҮМ.ТЕПКИЧТЕН ТҮШКӨНДӨ ЭЛЕ КӨЗҮМӨ ДАРБАЗАНЫН ЖАНЫНДА ТУРГАН КАРААН КӨРҮНДҮ. ҮРҮЛ БАРАҢДА АНЫН ЖҮЗҮН АНЧА КӨРӨ АЛБАДЫМ. СЫРТТАН КЕЛГЕН АЛКАШТАР БОЛСО КЕРЕК ДЕП ӨЗ ЖОЛУМ МЕНЕН БАРА ЖАТКАНДА АЛ ТАРАПТАН НАРИСТЕНИН ЫЙЫ УГУЛДУ. КОЛУМДАГЫ ЧАКАНЫ ЖЕРГЕ КОЮП БАСЫП БАРДЫМ.ЖАШ ЖЫЙЫРМА ЖЫЙЫРМА БЕШ ЖАШТАР ЧАМАСЫНДАГЫ ЖИГИТ БООРУНА КЫСКАН НАРИСТЕНИ БОСОГОНУН ЖАНЫНА ЭЛЕ ЖАТКЫЗА САЛЫП, МЕН ЖЕТКИЧЕ БОЛБОЙ КАЧЫП КЕТТИ. НАРИСТЕНИ КОЛГО АЛЫП АНЫН АРТЫНАН БИР ЭКИ ЖОЛУ ҮН ЧЫГАРА ЧАКЫРДЫМ. ЖАШ ЖИГИТ КЫЛЧАЙЫПТА КАРАГАН ЖООК. НАРИСТЕНИ КОЛГО АЛСАМ ЖЫЛУУ ЭКЕН. АЗЫР ЭЛЕ МАШИНАДАН ЖЕ ЖЫЛУУ ҮЙДӨН ЧЫККАНДАЙ. АНЫ КӨТӨРҮП ИЧКЕРИГЕ КИРДИМ. АШКАНАДА ЭМИ ЭЛЕ ЧАЙГА ОЛТУРГАН ҮЧ ТӨРТ ЧАКТЫ БАЛДАР ҮЙҮНҮН ТАРБИЯЧЫ АЯЛДАРЫ МЕНИ КӨРӨ КАЛЫП ЧОЧУГАНДАЙ ОРДУЛАРЫНАН ТУРУШТУ. ОТУРГУЧКА ЭЛЕ БАЛАНЫ ЖАТКЫЗА САЛЫП, АРЫ БЕРИ ЧЕЧИНДИРДИК. ЖУКА ЖЕМПИР ШЫМДЫН ҮСТҮНӨН ЭЛЕ ОДЕАЛГА ОРОП КОЮПТУР . БИР ЖЕ ЭКИ АЙЛЫК КЫЗ. ЖАЛГЫЗ СҮРӨТТӨН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ ЖООК ЭКЕН. МУЗДАТКЫЧТАГЫ СҮТТӨН ЖЫЛЫТЫП, ШИШЕГЕ КУЮП ИЧИРДИК. КИЙИМДЕРИН КУРУКТАП, ӨЗҮМДҮН ЖАТКАН ЖЕРИМЕ АЛЫП ЖАТТЫМ. ЭРТЕСИ ТАҢ АТКАНДА БАЛДВР ҮЙҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ КАНАЙЫМ МЫРЗАЕВНА БИЗДИ ӨЗ БӨЛМӨСҮНӨ ЧОГУЛТУП, ОКУЯНЫН ЖӨН ЖАЙЫН СУРАШТЫ. БОЛГОНУН БОЛГОНДОЙ АЙТЫП БЕРГЕНИБИЗДЕН КИЙИН, ЫСЫМЫН ЫЙГАРЫШТЫ МАГА ТАПШЫРДЫ. МЕН ӨЗҮМ ТАТАР КЫЗЫ БОЛГОНДУКТАН, КЫЗДЫН ЫСЫМЫН ЛЕНОРА ДЕП АТАДЫМ. КЫЗ МЕНЕН ЧОГУУ КЕЛГЕН СҮРӨТ ОШОЛ БОЙДОН МЕНДЕ КАЛДЫ. КИЙИНЧЕРЕК МЕН ШАРТЫМА БАЙЛАНЫШТУУ ИШТЕН ЧЫГЫП КЕТТИМ. КАНЧА ЖЫЛДАРДАН КИЙИН ОШОЛ БАЛДАР ҮЙҮНӨ КЕЛСЕМ АЛ КЫЗ ЖӨНҮНДӨ БИЛБЕСТИГИН АЙТЫШТЫ. МЕН БУЛ СҮРӨТТҮ ЖЫЛДАР БОЮ ЖОГОТКОНУМ ЖООК. БУЛ АМАНАТТЫН ЖОЛУН ИЗДЕП ЖҮРГӨНДӨ КАПЫСЫНАН МАШИНА СҮЗҮП ООРУКАНАГА ТҮШҮП КАЛДЫМ. МЕНИ СҮЗҮП КЕТКЕН БОЛОТ АТТУУ АДАМ ӨЗ КҮНӨӨСҮН БИЛИП КӨП ЖАРДАМ КЫЛДЫ. АЯГЫНДА ЭКӨӨБҮЗ ЖАКШЫ СЫРДАШ БОЛУП, БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ИШТЕГЕНИМДИ, ЛЕНОРА АТТУУ КЫЗ ТУУРАЛУ СЫРДЫ АЧТЫМ.БУЛ КАТ МЕНЕН СҮРӨТТҮ ОШОЛ АДАМГА ТАПШЫРДЫМ.. БАЛКИМ АЛ КЫЗДЫР БАЛКИМ БАШКАДЫР ЭМНЕСИ БОЛСО ДАГЫ, ЖҮРӨГҮМДӨГҮ ООР ТАШ КУЛАГАНДАЙ ЖЕҢИЛДЕЙ ТҮШТҮМ. УШУЛ СҮРӨТ АРКЫЛУУ ЛЕНОРА АТА-ЭНЕСИН ТАППАСА ДАГЫ, СҮРӨТҮН КӨРСӨ ЭКЕН..... Альефтина ..>>>>>....
Мен катты окуп бүткүчө көзүмдөн аккан жаштар кургап көөдөнүм булугуп жан дүйнөм эңшерилгенсип кетти. Сырткы эшикти бирөө түрткүлөп жатканын байкап, сүрөттү ары бери ичиме салып, кат менен конверттин кагазын майдалап жыртып, унитаздагы сууга агызып жибердим. Сырттагы алам эшиктин кармагычын үзүп жибергидей кылып тарткылап жатты. Сууну агызып бетимди жууп эшикти ачтым. Ачканда эле тушумда мени теше тиктеп Касым турду. Анын көзүнүн ичиндеги майда тамырлары кызарып эки бети салаңдап калганын байкадым.
----------- Эмне болдуң эми эшикти сындырмакчы болуп жаттым эле? Күттүм күттүм Сыртка чыгып жигиттерден сурасам бул жакта дешти.
Касым ордунан ашыкча кыймыл кылган жоок. Ошол боюнча мени теше тиктеп турду. Денемди майда калтырак басып, көөдөнүмдөн шуулдап корку сезими пайда боло баштаганын сезе баштадым.
----------- Өзүмдү жоготуп койдум. Ишенесиңби? Же ордумдан жыла албаймын. Же бирөөнү жардамга чакыра албадым. Бакырсам үнүм жетпейт.
Мен каргылданган үнүм менен сүйлөп жаттым. Балким коркконумдан дагы өңүм бозоруп кетсе керек эле. Көзүмдөгү жаштарды, жоголуп турган өңүмдү көргөн Касым ишенди көрүнөт, мени аяр колдон алып өзүнө тартып кучактады.
Уландысы БАР.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4