ОТУЗ ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ.
------ ОО чёрт....
Оозуна сөз келбей эмне кылышын билбей туруп калды. Бул кече түндөгү жарыгы күйүп турган жертөлөдөгү бөлмө болчу. Мансур кире бериш жерде эле башын жерге салып туруп калды. Мен эки жагымды кызыга карап жаттым. Чоң бөлмөнүн ичинде карылдап кондиционер иштеп турду. Анын ичинде жыттанган кандын, эркектин уруктугунун жыты көңүлүмдү айлантып жиберди. Бөлмөнүн эң төрүндө кара кайыштан жасалган жумшак чоң эмерек туруптур. Анын астындагы чакан айнек столдо ар кыл фирманын интимдик крем майлары презервативдер жатат. Паркеттин ар жерлеринде тамчылаган кандар катып калыптыр. Дубалдын жарымын ээлеген чоң сүрөттө жылаңач аял-эркектердин денелери караган адамдын үрөйүн учурат. Терезеде күзгүнүн жанындагы чоң столдо стаканга куюлган спирт ичимдигинин калдыктары турат. Тарелкада турган колбаса менен сыр качан эле өз түсүн жоготуп, карайып калыптыр.
------'------------- Кечир бул бөлмөнү жыйнап чык деп эрте менен шеф ачкычын берген болчу адашып ачып алыпмын. Кече кыздарды алып келип эс алышкан.
Мен таштанды салынган чакадагы үйүлүп турган кан аралаш иштетилген презервативтерди карап койдум. Бирден өзүмү кармай албай шок абалында титирей баштадым. Жанымда турган жигитти мойнунан кармап башын көтөрдүм. Сөмөйүм менен кан тамырынын точкасына катуу баскандыктан, ал бир аз думчугуп алсыз боло түштү. Көздөрүнүн карасы топтоголок болуп, бир жерге топтолуп жылбай калганга чейин басып турдум. Ал мага күч колдонууга үлгүрбөй калды.
----------------- Кезектеги жоолугушу качан болот?
Мен андан сурадым.....
---------------- Билбейм.
Ал какап жатып жооп берди.
---------------- Сен мени ушул жерге алып киресиң же көргөндөрүмдүн баарын Касымга айтамын. Сени эрчитип кирди деймин.
---'-------- Бүгүн камерада мен олтурамын. Азыр кирип барын тазалап өчүрүп коёмун. Сага эч ким ишенбейт. Бул үйдө келип кетүүчү бир кызматчысың.
Мансур мага өчөшкөндөй сүйлөдү.
------------ Мен Ленорамын.
Анын жүзүнө карап күлүп койдум. Себеби мен жөнүндө Касым жигиттерине көп айткандыктан, алар сырттан эле мени анын жардамчысы оң колу сүйүүктүү аялы деп ойлошот экен.
Мансурдун көздөрү чыгып кетейин деп мени теше тиктеди.
------------ Кантип ойлободум ушуну. Албетте биздин үйдө Ленора деген өтө коркунучтуу актриса жашайт эмес беле ?....
Ал ызалуу күлүп алды. Аңгыча бизге жакын эле жерден жаш баланын аянычтуу ыйлаганы угулду.
----------- Кой кеттик жүр бул жерден тез кетиш керек?..
Мансур мени колдон жетелеп сыртка сүйрөдү.
---------'------ Сен менин айтканымды аткарасыңбы?...
Мен күчкө салып жылбай тура бердим.
------------ Сүйлөшөбүз.....
Ал мени жаш баланы алдап көндүргөндөй жакшы сұйлөп бул каргашалуу бөлмөдөн алып чыгып кетти.
--------------- Сен бөлмөңө бара бер. Мен азыр барамын. Камераны тазалап коёюн.
Ал күзөтүү кызматында иштеген жигиттердин бөлмөсү тарапка карай басты. Мен экинчи кабатка көтөрүлүп кеттим.
Көргөндөрүмдү бир сыйра элестетип коркуу сезими мага эми келгендей колдорум титиреп жатты. Сырттан келген Мансур сураксыз эле эшигимди ачып кирди.
-------------------- Колундагы саатты Касым бергенби?
Ал кызыга сурады.
----------- Ооба..
--------------------- Жакшы дагы кайда жүргөнүңдү болжол менен эле көрсөтөт. Эгер системага кирип караса жертөлөгө түшкөнүң көрүнөт бирок кайсы бөлмөгө киргениңди аныктай алышпайт. Бир нерсе десе саунага кирдим дейсиң. Мен жакында эле бул жерге орноштум. Биринчи акчасына кызыксам азыр коркуп жатамын. Мен угуп кинолордон көрүп жүргөн бандиттердин уюмуна кошулуп алдым окшойт. Камераны карадым. Жертөөлөгө түшө берген жердеги эле иштейт экен. Калганы жөн эле коюлуптур. Бүгүн экинчи күн. Алар биринчи үчүнчү алтынчы күндөрү келишет. Бир жумада үч күн. Үч күн азаптуу оор күн.
Ал бир саамга ойлоно түштү. Анын көздзрү кайсы бир чекитти тиктеп жансыз болуп калды. Ичинен бир нерсени айткасы келип, жарыла албай жатканын сездим.
---------- Канча жаштасың?
------------- Он тогузда.
-------------- Аябай эле жаш экенсиң..
----------------- Эмнегедир эрте жетилгени шашчуумун. """КИНОДОГУДАЙ КРУТОЙ""" болгум келчүү. Азыр кайра бир аз өкүнүп турамын.
Мен анын сөздөрүн угуп бир чети аяп, бир чети аны жакшы түшүнүп турдум. Мен өзүм деле убагында эрте жетилүүгө жакшы жашоого умтулган элем.
----------- Мен сага запас ачкычты алып келдим. Эртең түнкү экилерде түшүп көрсөң. Бирок абайла. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбұздү эч ким билбесин.
Мансур кичинекей сары ачкычты мага карматып бөлмөдөн чыгып кетти.
Ошол күнү башымдын ооруганы кечке басылган жоок. Даары ичсемда таасир бербей артка тартып ооруду. Мени бирөө жанчып кеткенсип, ордумдан кыймылдай албай жата бердим. Жылуу үйдө жатсам да буту-колум муздап, жумшак жуурканды жамынсамда үшүдүм. Касым адаттагыдай эле аялынын бөлмөсүнө киргенсип сүзүп кирип келди. Менин бөлмөмдө эмне өзгөрүщ болду экен дегенсип айланага карап алды.
----------- Кечке жаткандан тажабадыңбы? Бүгүн бир кызыктуу кечеге барабыз. Мен сенин кийимдериңди тандап турамын. Сен жуунуп чык.
Ал мен айткандай эле мени аялындай көрүп буйрук бере сүйлөдү. Мен ал жөнүндө жакынырактан жакшырак билгим келди. Ич кийимчен эле тартынбастан ордумдан туруп ваннага жөнөдүм.
---------- Келбетиң аябай келишкен аккуусуң ээ? Тим эле маралдай кериле басасың.
Ал мага бул сөздөрдү сүйлөгөнү менен кее бир эркектерге окшоп, делебеси козголуп жабышпады. Тек гана турган жеринде бир сыйра кызыга карагансып, сүйлөп койду. Мен ичимден ага таң калып турдум. Бети колумду жууп чыксам Касым кийимдеримди алып керебеттин үстүнө коюп коюптур. Тизеден келген кара көйнөктү кийип, бутума жаңы жылтырап турган кара колготкини тартып оңдоп кийдим. Күзгүнүн жанына олтуруп боёнмокчу болгондо, Касым жүзүмдү өзүнө буруп, бир азга тигиле карап калды.
------------- Эмне карып кеткенсиң? Оор жумушта иштеген аялдарга окшоп. Сага эмне жетпейт, жашоодон ыраахат алып тынч эле менин шартым менен жашай бербейсиңби? Мен сенден көп нерсе талап кылбаймын. Банктагы счётуңдагы акча отуз миллиондон ашып калды. Дагы эмне керек сага?
------------ Эркиндик....
Мен ага каткырып алдым.
------------------- Жоок бул нерсени унут. Бере албаймын. Сен эркинсиң, бирок меникисиң. Жигиттер керекпи, эркек кааласаң айт. Акча менен сатып алып беремин убактылуу. Бирок эсиңде болсун сен жалгызсың. Эркектер пайдаланышын билет бирок сүйө албайт.
----------- Сенчи?...
--------------- Сен мени көпчүлүккө кошпо да. Менин тагдырым тарыхым такыр бөлөк.
Касым менин эгимден аяр кармап отургучка ыңгайлуу кылып жаткызды. Жагымдуу жыттанган кремден колуна тамызып, ар дайымкыдай берилүү менен менин жүзүмө сүрөт тартып жатты.
------------ Сен өзү моделлерге визажист болуп барышың керек. Колдоруң жумшак жеңил тез кыймылдайт.
-------------- Кайдагы визажист. Мага кееде эле жагат ушундай аял кишини кулпурткан.
Касым экөөбүз жөнөкөй адамдардай жөнөкөй сөздөрдү сүйлөшүп олтурдук. Ал ушундай жаман иштерди жасаса да менин жан дүйнөм менен жүрөгұм аны дайыма актап чыгар эле. Бул жолу да жүрөгүм элеп желеп болуп, анын жанын тартып турду. Баары бүткөндөн кийин бутума такасы шиш, тизеге чейин тигилген кара кайыш ботфортумду кийдим.
---------------- Сенден шпионко чыгарамын. Көрөсүңго чоң саясат жүргүзүп, менмин деген эркектерди сындыра турган, бизде жок шпион болосуң. А эмнеге болбосун? Сенде баары бар. Сулуулук! сүйлөштү да билесиң!.. жүзүңдү караган адам <<< жестокость менен секс>>> аралашканын көрөт. Бул чоң чөйрөдөгү эркектер үчүн эң өзгөчө нерсе. Сүйлөштү башкарышты дагы билесиң. Талыкпай иштеш керек. Таш боордугуң муздактыгың жанда жоок. Бирөөнүн башын алып кел десемда барасың.
Касым жакшы идея тапкандай кубанып алды. Мен кара көз айнегемди тагып ага карап күлүп койдум.
--------- Сен өзгөчө аялсың. Бир туруп сүйгүң келет бир туруп коркуп кетесиң.
Ал менин артымдан күнкүлдөп сүйлөп чыгып келе жатты. Мен болсо ичимден эртеңкинин планын түзө баштадым.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3