ОТУЗ ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ.
Демек булар мени ушинтип колго түшүрүшкөн экен да? Касымга ушунчалык керегим бар беле? Болот экөөнүн байланышы болгон, балким мени балдар үйүнөн бери эле күзөтүп жүргөндүр ??. Болот мага кокустан эле жоолукту. Ошончо жыл мени сүйгөн болуп даярдаган окшойт. Төшөгүмө жатып алып ар кыл ойлорду ойлодум. Чынында эле менин буларга кандайча керектигимди, бул үйдө кандай сыр жатканын изилдегим келди. Убакыт таап бир эки күнгө мекениме учуп, балдар үйүнө барып келүүнү туура көрдүм.
Эрте менен атайлап ордуман турбай ооруп жаткан адам болуп жата бердим. Саат ондон өтүп калганда Касым кирип келди:
-------------- Эмне болду жумушка барбайсыңбы?
---------- Ооруп турамын.
Мен төшөгүмдү кымтыланып жаап алдым. Ал мага жакын келип чекемен кармады. Анын күйүп турган ыссык колдору денеме жагып турду.
------------- Муздаксыңго?...
Ал мага суроолу тигилди. Менин денемди биринчи жолу кармап жаткандыктан ал муздак экенимди билбейт эле. Менин буту-колумда муз тоңуп калгандай болуп жүрчүмүн.
Ал биринчи колумдан анан бутумдан капмады. Айрыкча бутумдун манжаларын колу менен кармалап, жылытып баштады::
-------- Көрүнүшүң оорукчан адамдардыкындай эмес. Өнүң жылмакай жылтырап көздөрүң жанып турат. Бул жөн эле сенин элден өзгөчө жаралган муздактыгың. Бүгүн эс ал анда. Азамат өзү кете берсин.
Касым менин бутумду тиземе чейин сылап анан коё берди. Мага жылуу жылмайып, ордунан туруп сыртка жөнөдү. Касымды көргөндөн кийинки жылуу сезимдерди сөз менен айтып жеткире албаймын. Ал менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин жүрөгұм коргошун сымал эрип балкып чыгат. Ал менин дүйнөдөгү жалгыз жакын адамымдай сезилет. Ичимден аны капа кылбайын таарынтып албайын деп ойлоп анын көңүлүнө карагандыктан, ал айткан нерселерди эч ойлонбостон жасай беремин. Же ал мени окутуп гипноздоп алгандай.
Ал жашоодо болушунча кардуу адам. Анын жигиттери айланасындагы адамдар коркушат. Сыйлашат. Бирок адамга ушунчалык жагымдуу, ар-дайым сылык-сыпаа сүйлөшүп, күлүп жайнап жүргөндүктөн, аны эч ким жаман адам деп ойлобойт. Касым экөөбүз бир фирмадан чыгарылып, бир флаконго куюлгандай окшошбуз. Мен деле өзүмдүн жылдызымды жакшы билемин. Касым айткандай менин жылмайып койгонумдун өзү эле элдерге ишеним алып келет. Адамдын сыртын карап ички дүйнөсүн билбейт экенбиз. Негедир жөнөкөй адамдар сырты сулуу жакшына кийинген, сылык сыпаа тартып жылмайып сүйлөгөндөргө көөбүрөк ишенишет. Бардык эле тармактагы алдамчыларды көрсөң сөзгө чечен көзгө жагымдуу адамдар. Алар менимче адамдын психологиясын жакшы изилдеп чыгып, аларды бир орунда туруп эле сөз менен башкарган кыйындар. Касым сүйлөгөндө баарын ишендирет. Анын эң күчтүү сапаты сөз тапкычтыгы.
Мен төшөгүмдөн тууруп жуунуп чыктым. Күзгүдөн мени жашы отуздарга чыгып калган жашоодон чарчаган аял карап турду. Көздөрүмдүн асты бир аз шишип көгөрүп калганын көрдүм. Бетимдеги кара тактарды жашырып кремден тегиз кылып сүйкөп алдым. Мээдеги езип келген мага түшүнүксүз оору ушул тапта дагы эстетип жатты. Көңүлүмө эч нерсе жакпай, зырылдап турган оорудан кантип кутулушту ойлоп, дары салгычтан ооруну сездирбей турган даарыны алып ичтим. Бул нерсе убактылуу экенин убакыт таап доктурга бир көрүнүщүм керек экендигин билсем да чыгына албадым. Түшкө жакын үйдө еч ким калбады. Кызматяы аялдардын сүйлөгөн үндөрү бир жерден угулуп жатканы менен кайсы бөлмөдө болду экен деп кызыгып издебедим. Коридордо порошоктун жытына окшош жагымдуу таза жыт жыттанып турду.
Ашканага кирсем сегиз тогуз жаштагы бала муздаткычтын жанында бир нерсе ичип жатыптыр. Мени көрө коюп коркуп кетти. Аны бул үйдө биринчи жолу көргөндүктөн кызыга карадым. Ал ушунчалык арык көрүнүп, жука футболкасынын үстүнөн кабыргалары саналып турду. Көздөрү көп ыйлаган адамдыкындай шишип калыптыр. Жаш наристе болсо да көзүнүн асты бир аз көгүш болуп майда тамырлары көрүнүп турду.
----------- Атың ким?....
Мен ага жакындап бастым. Ал мени корккондой карап, бир аз артка кетенчиктеди. Мага ишенбей жаткансып сүйлөгүсұ келбей турду.
-------------- Сен менден коркпогун мен сага жамандык кылбайм уктуңбу?...
Мен анын бешенесинен сыладым.
------------- Мурат бир саат убактың калды. Сыртка чыгып ойноп келсенчи.
Сырттан кирип келген күзөттө турган жигит балага буйрук бере сүйлөдү. Мени көрө коюп ордунан туруп калды.
---------------- Бул менин агамдын баласы. Бир эки күнгө таштап кетишти эле.
Менден бир нерсени жашырып жаткансып актана сүйлөдү. Жаш бала мени аянычтуу көздөрү менен карап, колундагы стаканды коюп сыртка чыгып кетти.
--------------- Шефке айтпай эле коюңузчу сураныч?
Берки жигит мен тарапка карабастан артына бурулуп баратып сүйлөдү. Жүрөгүм бир нерсени сезгенсип ойлуу бир орунда кала бердим.
Ашканадан чыгып анын эшигинин жанында жайгашкан тепкич менен жертөлөгө түштүм. Узун коридордун жарыгы күңүрт болуп күйүп турду. Бассейн тараптан кыздардын үнүн угуп, эшигин ачып кирип бардым. Эки кыз чоң көлөмдөгү бассейндин эки тарабына туруп алышып, көпөлөк кармай турчу торчо менен суунун бетин тазалап жатышты. Мен алардын жумушун тамаша кылган адам болуп, бассейндин четиндеги отургучтардын бирине олтура кеттим. Сырттан карагандарга кыздарды карап олтургандай болгонум менен көз кырымды салып айланамдагы камераларды издедим. Бирок бир дагы камера көрүнгөн жоок. Кыздардын бирөөсү менин тушума жетип келип, мени менен жылуу учурашты. Славяндарга окшогон мен курактуу жылдыздуу кыз экен. Аны бул үйдөн биринчи жолу көрүп жаткандыктан жаңы келген окшойт деп ойлодум.
------------- Жумуш кандай оор эмеспи?
Ага карап жылмайып койдум. Ал коолундагысын суудан чыгарып, мага карады. Бирден анын жүзүндө ушунчалык жагымдуу сезимдер ойной түштү. Экөөбүз жакын курбулардай бири бирибизди түшүнгөндөй болуп кеттик.
------------- Менин атым Ленора...
Мен ага жай сүйлөдүм...
--------- Оля...
Ал күлүп койду.
----------- Сени биринчи жолу көрүп жатамын бул үйдөн, кожоюндун кызы болосуңбу?
------------- Жоок алысырак тууганы.
----------------' Түшүнүктүү менин бул жумушка киргениме он күн болду. Күндүзү иштегендиктен сени көрбөсөм керек. Менимче үй ээлеринин баары жумушта болот окшойт.
---------- Оля үйдө бир жаш наристе бала жүрөт. Кызматчылардын баласыбы деп турам сен билбейсиңби?
Мен аны сындап карадым. Эрте менен көргөн баланын элеси көз алдыман кетпей ошол жөнүндө ойлоп туруп алдым.
---------- Мурат ушул үйдө жашайтко? Көбүнчө түшкө жакын эле чыгат менимче. Калган убакта өзүнүн бөлмөсүндө камалып олтурат. Мен аны оорукчан окшойт деп божомолдоп койдум эле. Бир эки жолу коридордогу тепкичте ыйлап олтурганын көрдүм.
Оля сөзгө киришип кетип жатып ачыла кеп куруп жатты.
---------- Анын бөлмөсү кайсы жерде?..
------------- Саунанын айланасындагы бөлмөлөрдин бирине киргенин көргөм бирок кайсы экени эсимде жоок.
Биз экөөбүз сүйлөшүп жатканда сырттан узун бойлуу бир жигит кирип келди. Ал босогодо туруп алып экөөбүздү теше тиктеди. Бир аз тургандан кийин бери басып келип, суунун ичин карап туруп калды. Мени менен мектешип жаткан кыз коркуп кеттиби ордунан туруп тез тез кыймылы менен ишине киришти.
------------ Сууга түшкөнү келсем даяр эмес экен күтүп олтурам.
#БашкаДүйнө
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2