ОТУЗ АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ.
Москва ушунчалык кең пейил көз жаштарга ишенбейт дегендей эле шаар экен. Күнүнө миллиондогон адамдарды сыздатып алдап кетет, миллиондордун көзү ачылып байып кетип жатат, канчасы бакыт тапса, кайра ошончосу жоготту. Кыскасы Москва жамандыкты да жакшылыкты да, бат эле өзүнө сиңирип, кумга сиңген суудай кылып бир заматта жок кылып коёт экен. Бул жерде ар улуттун өзүнчө дүйнөсү бар. Мисалы кыргыздардан эле айтсам, өзүбүздүн тейлөө кызматтар толтура. Москванын ичинде эле кичи мекен куруп, эркин жашап келебиз. Жамандык жакшылыктарда жардам берип, мекенден алыс болсок да билдирбешке арекет кылабыз. Ошондой эле Москванын жаман жагын алсак, бул Касымдын тымызын кылган иштери. Ал элдин астына чыккан коомчулукка таанымал адам. Бирок анын чыныгы көп акча алып келчүү бизнесин саналуу гана адамдар билет. Жана алар дагы өзүнүн чөйрөсүндөгүлөр эмес. Касым коомчулукка көп аралашканы менен, өзүнүн дүйнөсү башка. Ал дүйнөдө Касым башчы. Анын закону менен жашашат. Ага баш ийип баары сыйлап турат. Тагырак айтканда анын акчасына. А акчаны кантип табышты ал жакшы өздөштұргөн. Мисалы бир адам эле бөйрөгүн сатса Касымга беш миллион акча түшөт экен. Ошондо жөнөкөй жашоодон кыйналган адамдардын эсебинен канчасы байып, миллионер болуп жатат, эсептеп бүтпөйсүн. Булардын уюму орган сатуу менен эле алектенбестен, майда- чүйдө ишкерлердин үстүнөн салык алышат. Комерсанттарды тоношот. Булар акчаны абдан жасайт. Бирок аны эч ким билбейт.
*************
Мен бул дүйнөгө баш отум менен кирип чырмалып калганмын. Менин ар бир кадамым сүйлөгөн сөзүм күзөттө. Кээде бир оюм кетет , полиция кызматкерлерине жоолугуп, баардык чындыкты айтсамбы деп, бирок аларга мени жеткизбейт. Жеткизсе да менин сөздөрүм чоңдоруна жетпейт. Бул жөнүндө бирөөгө айтсам да эч ким жардам бере албайт. Себеби Касым керектүү алдамдардын баарын качан эле сатып алып койгон. Өзүмдүн тынч жакшы жашоодо жашап жатканыма да сүйүнөм кееде. Бул менин пешенеме жазылган тагдыр экен. Качып кутула албаймын. Менин жүрөгүмдү качан эле жулуп салгандай жүрөксүз адамдаймын. Жашоону дылаңач көрөмүн. Ошого башкаларга окшоп ар кыл актануларды ойлоп таппаймын. Кече болгон нерсени "" демек болуш керек эле"" деп гана ойлоп коёмун. Мисалы: Майсалдын өлүмүнө өзүмдү күнөөлү сезип, жан дүйнөмдү каралаганым менен, анда да кандайдыр күнөө бар деп ойлоп коёмун. Ал мени көчөдө сатылган кыздарга теңегендиктен да ага ичим жылыбады, көз жумганына анчалык деле кайгырбадым.
Түндөлөрү уйкум качып Малик аганын жазгандары эсимен кетпей, анын көз карашы элесиме тартылып туруп алды. Чынында эле ата-энеми издегени кези келди окшойт. Балким менин апам дагы азыркы мага кайрылып жаткан айласыз аялдар сымаал болсо керектир ошол мезгилде. Башкалар айласы түгөнгөндө бөйрөгүн, өз канынан жаралган баласында сатууга даяр болушат экен. Жыйырма жаштагы кыз өз баласын бир миллионго баалаптыр. Аны Касым мага жагымдуу чоң жанылыктай кылып айтып берди. Кайгырдым ушунан көрө төрөп балдар үйүнө таштаса дагы бир күнүн көрүп чоңоймок. Ал эне канынан чыккан баласын өз колу менен адам сойгучтурга тапшырып олтурат. Ошол түнү күзгү жамгыр нөшөрлөп токтобой жаады. Түн бир окумда жаш балдардын ыйлаганы кулагыма жаңырып, уйкумдан түшөлүп ойгондум. Кайдан ыйлап жатканы белгисиз, бирок алыс-алыс жерден сыздап ыйлаган баланын үнү угулду. Ордуман туруп терезеге тигилдим. Сыртта жанып турган лампочкалардын жарыгы, үйдүн баардык айланасын даана көрсөтүп турду. Эч бир жан көрүнгөн жок. Кол чатырды көтөрүп, үстүмө жылуу кийинип сыртка чыктым. Бир аз басканда эле колум муздап денемдеги кан айланбай калгансыды. Бактын арасындагы кичинекей жол менен ойлуу басып бараттым. Жалбырагы качан эле күбүлүп түшүп, шамалга туруштук бере албаган бак- дарактар шатырап, ары бери чайпалып жатты. Үйдүн артына өткөндө жертөлөнүн катар катар айнектеринин биринен жарык күйүп турду. Жакын келип карамакчы болуп баратып, кайра артыма карап бурулуп байкамаксан болуп койдум. Себеби үйдү айланып коюлган камера бар эле. Келген жолум менен жай басып үйдүн жанына жетейин дегенде кара кол чатыр көтөрүп турган каран көрөндү. Гараж тарапта турган көлөмдүү чет элдин машинасын карап койдум. Үйдө мейман бар экенин билдим.
---------------- Мына сага жоолугушу.. Кандайсың сулуу кыз?
Карандын жанына жете бергенде ал мага сүйлөй койду. Күтүүсүздөн чочуп кеттим. Анын жүзүнө жакшы карабадым. Бирок үнү аябай эле тааныштай угулду. Унчукпай өтүп кетмекчи болуп баратканымда колдон кармады.
---------------- Сумкаларың эмне болду табылдыбы?
Анын оозунан спирттик ичимдиги буркурап жыттанды. Мен жүзүнө тигиле карадым.
Аеропорттогу сумкаларды урдаган жигит экен. Аты Азамат же Аскат беле азыр эсте жоок. Колумду күч менен булкуп тартып алып, ичкериге чуркап кирип кеттим. Ал жигит менен сүйлөшүүнұ да калабадым.
Демек булар мени....
#БашкаДүйнө
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3