Бул эже мындан 3 ай мурда бир видеомдун комментарийине өзүнүн суранычын жазган болчу. "Талант балам сенин кызыл спортивкаң аябай жагат, балам 13 жашта, балам да сени жакшы көрөт, ошол спортивкаңды балама белек кылчы" деп суранган эле. Кийин көп издедим, бирок таппай жүргөм. АЛЛАХТЫН буйругу менен мындан бир жума мурда номерин таап, байланыштым. Спортивканы алып барып бердим. Бирок бул эжебиз жардамга муктажлыгын айтты. Жаш кезинде 6 жашар секелек убагында тайкеси зөөкүрлүк кылып 15 жашка чейин зордуктаптыр. Кийин турмушка чыгып кыздуу болуп, кызы 8 жашка чыкканда кызын дагы ошентип ошол тайкеси зордуктап коёт. Күйөөсү жүрөк оорудан каза болуп калат. Кичүү баласы дагы жүрөк оорулуу болуп, азыркы учурдан баласын карап, күнүмдүк жумуштарда иштеп жүргөн убагы. Кызы болсо бирөөлөр тарабынан ар түрлүү уколдор атайылап сайылып, ичип чегип, башка кыздарга кошулуп башка жака кетип калыптыр. Көрүп алып жүрөгүбүз элжиреп, көзүбүзгө жаш алдык. Келгиле туугандар жардам колубузду суналы. Колдон келишинче жардамыбызды бердик.
Толук видеону "Талант ТВ Сагынбаев" Ютуб каналымдан көрсөңүздөр болот.
Мени менен чогуу барып, жардамын көрсөткөн
@mahkmud___abdubaliev
@assai__z
@
abdiev.media
Ушуларга чооң ыраазычылык билдирем.
#кыргызстан #бишкек #ош