Өзүңүздөр билгендей, биз кыргыз жаштарынын медиа жаатындагы сабаттуулугун арттырууну максат кылып, "#ҮЙРӨН" долбоорун өткөн айда баштаган болчубуз. Графикалык дизайн боюнча сабактар менен баштадык, силер үчүн пайдалуу болду деп үмүт кылабыз.
Алдыбыздагы ай Веб-дизайн жана Вебсайт даярдоонун ыкмалары, сырлары тууралуу сабактар уюштурууну пландап жатабыз. Сабактардын эффективдүүлүгүн арттыруу, катышуучулар менен тыгыз мамиледе болуу, үй тапшырмаларын текшерүү, курсту бүтүргөндөр менен дагы иштешип жардам бере алуу үчүн сабактарыбыз класстар түрүндө өткөрүлсө пайдалуураак болчудай. Ошого байланыштуу, алгачкы сабагыбызды түз эфир менен берүүнү чечтик.
Эгер веб дизайн жана сайт түзүү темалары сиз үчүн кызыктуу болсо, бул темаларда эч кандай маалыматка ээ болбосоңуз дагы, онлайн сабакка катышып көрүңүз. Сөз берип айта алам: кесибиңиз ким болсо болсун, жашыңыз канчада болсо болсун, вебсайт боюнча маалыматтарыңыз канча болсо болсун, веб дизайн курсубузга катышкандан кийин өзүңүзгө ишенген абалда, профессионалдуу, кооз, коопсуз вебсайттарды даярдай ала турган болосуз.
Онлайн сабакка катышып,
- Вебсайт деген эмне?
- Вебсайт үчүн эмнелер керек?
- CMS деген эмне?
- Wordpessтин артыкчылыктары кандай?
- Кантип эң кыска убакытта, код жазганды үйрөнбөй эле, кооз дизайндуу сайттарды даярдаса болот?
жана башка суроолорго жооп таба аласыздар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев