Келчү элем, конуп гүлүм багыңа,
Кызганычтан, жакын алдым жаныма.
Кубанычта жүргөн ошол кечтерди,
Кайрып берчи, көздү жумсаң барына.
Кыз:
Кайгы салдым, ооба, аны билип турам,
Кечирип кой, мен сөзүңдү четке бурам.
Көңүл калды, эгер билсең азыр сенден,
Кетип жатам, башка менен турмуш курам.
Бала:
Эмне кылдым? Айтсаң боло айыбым,
Ээ болбогон, жүрөгүм го зайыбым.
Эчким болбойт, жалгыз сени сүйөм деп,
Ээлеп мени, жан дүйнөмөн жай алдың.
Кыз:
Болбойт туура, сүйүү деле түбөлүк,
Бүгүн сыздап, эртең жыргап күлөлүк.
Бир болбойбуз, эми билсең экөөбүз,
Баарын кечип, алыс эле жүрөлүк...
Бала:
Мен күтпөдүм, сенин мынтип кетериңди,
Мерездерче, күйүт менен эзериңди.
Мага болгон, сезимдериң өчкөн болсо,
Мурда неге, айтпай келдиң кетериңди.
Кыз:
Болду жазба, чалба дагы кереги жок,
Билесиң сен, кеткен жокмун себеби жок.
Бир өзүңө, башым ийип өткүм келбейт,
Бул баланын, сүйүүдөн да байлыгы көп.
Бала:
Тилдебеймин, жаман дагы сөз айтпайм,
Тагдырым дейм, эми сага жан тартпайм.
Тоону ашсам, жалгыз басып өтөттүрмүн,
Түшүнүп жет, кеч болгондо мен кайтпайм...
Кыз:
Сенда тапкын, өзгө жандан бакытыңды,
Сүйүү сунуп, кенен жайгын алкымыңды.
Сагындым деп, мени эстеп кайгы тартпай,
Сүйүп жаша, келер тапкан жакыныңды.
Бала:
Чечтиң мына, эми чындап бет кабыңды,
Чынын айттың, болгон мээде акылыңды.
Чийип койом, менда сени жүрөгүмдөн,
Чалбайм болду, көргөзбөй караанымды.
Авторлору ELmuSS
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1