Кайын эненин баяны.
Азыр жашым алтымышка жакындап калды, жаңы кайын эне болгонумда элүүгө чыккан элем. Бир кыз эки уулум менен отуз сегизимде жесир калдым. Үй бүлө куруп, бала бакыралуу болгондон кийин Кудай кошкон өмүрлүк жолдошун менен түбөлүк чогуу болсоң кана, бирок бул жашоо, тагдыр биз каалагандай болбойт тура. Өмүрлүк жолдошум кокусунан эле көз жумду, белимди бекем бууп, үч баланы чоңойтуп, элден кем кылбай бакканга аракет кылдым. Кайын журт, өз төркүнүм деле карап турушкан жок, өлгөн адам гана жок болбосо, тирүүнүн өзүнүн Кудайым берген ырыскысы болот экен. Тун кызым чоң болгондуктан биринчи кызымды турмушка бердим, жакшылык деген өзү эле бат эле боло турган иш тура. Кызымды тындырып бир аз болсо да бир чоң аманаттан кутулдум. Тийген жери жакшы, бардар жер, болгону кайын энеси аябай катаал аял болуп калды. Чыда балам, атаң жок болсо бүтүн нан жеп, бүтүн кийим кийесиң, кайын энең деле адам, тилин тапсаң болор деп башында кызымды жооткотуп жүрдүм, билинбей убакыт өтүп бир жылга жетпей неберелүү болдум, болгону кыз деген бирөөнүн бүлөсу тура, төрөгөндө эле көрбөсөм кызымды, биздин үйгө аз келет, кайын энем урушат апа деп. Ичтен чыккан ийри жылан, жалгыз кызым болсо сагынам, бирок турмушуна кийлигише албадым.
Ошонтип өзүм да келин алчу мезгил келди, биринчи келин алып жаткан үчүн, балама биз табабыз кызды деп эжелери, биз да айттык. Кыз көп эле, бирок аларга келген учурда кыз жок, кайын синди, эжелерим улам бир кыз табышат, өзүмдүн синди, эжелерим да кыз таап, уулума көрсөтүп жатышты,бирок бирин да жактырбайт, акыры айлабыз кетти. Ал кыз жакпаса, бул кыз жакпаса деги кандай кыз жагат? - ия деп урушабыз. Ошондо араң апаке, сиз ачууланбаңыз, менин өзүмө жаккан кыз бар, ошону алам, аябай тарбиясы жакшы, быйыл магистратурада окуйт, апаке ошол кызга үйлөнөм эгер үйлөйм десеңиз деп мага шарт койду. Эжелери менен кеңешип көрсөм, жок биз тапкан кыздардын бирөө жарымысын алсын, тапкан кыздардын баары жакшы, ата энелери колунда бар, күйөө баласына да жардам бере ала тургандар деп булар болбойт. Бир тууган синдим бир кыз тааптыр, жалгыз кыз экен, ата энесинин тапканы үй жайы ошол кызына дейт, аны уулума айтсак, так секирип мен күч күйөө болбойм, алты саным аман, өзүм иштеп бутума турам, бирөөнүн тапканы, бирөөгө буюрмак беле, сөз бүттү, алсам өзүмө жаккан кызды алам деп, өжөрлөнүп жатып, акыры ошол кызга үйлөндү. Негедир башынан көп жактыра бербей жаттым, уулум апаке деп айланчыктайт. Жүзү сүйкүмдүү эле көрүнөт, бирок барибир мага көп эле жакпай жатты. Мага жагынам деп бош олтурбайт, келин болуп келгенден бери бир айдай үйдө отуруп калды. Кийин уулум апаке, сиз макул десеңиз окуусун улантсын, быйыл акыркы жыл деп жатып, келиним окуусун уланта баштады. Саар кетип, кеч келет,кээде кечке кармалып калган кезде аябай ачуум келип, сүйлөнөм.Келиним болсо, апа бир аз убакыт чыдап туруңузчу, окума беш алты ай эле калды, буюрса баары жакшы болот, айтканыңызды баарын аткарам дейт. Андай кеч келген учурда, уулума да сүйлөнөм, тим эле мага окуган адам болуп, эмне профессор, академик болот бекен аялың? - үйдөгү тамак ашты мага калтырып, ушул үчүн алдым беле келинди дейм. Апа эми түшүнүп койсоңуз, ушунча жыл окуп, анан аз калганда бүтүп алсын, баары али алдыда апа, эмнеге ушунтип эле сүйлөнө бересиз? - дейт уулум. Ан сайын ачуум келип, эмне катын деген ушундай жакшы бекен ия? - тим эле талабын талашып деп, кээде чын, калп ыйлап алам. Койсоңузчу апа ушул кантип болсун эми, чоң эле аял болсоңуз сабырлуу болсоңуз, сабырдын түбү сары алтын деп күйдүрөт. Ооба баягында биз айткан кызды алганыңда сен да кыйналып иштебейт элең, менда келин жумшап отурмакмын дейм. Болду апа, мен үйлөндүм, баары бүттү да эми, кайра кайра эмне кереги бар, улам эле ушул сөздү айтасыз дейт. Келин укса да укмаксан болуп коёт.
Бир күнү дагы эртең менен эрте окуусуна жөнөп жатыптыр, ачуум келип үйдөгү жумуштарды бүтүрүп анан барасың дедим, апа мен кечигип калам, ансыз да бир ай барбай арта калып калдым. Менин окуум химия, биология, лабораториялык маселелер көп, апа окуудан келип баарын бүтүрүп коём, бара берейинчи деп жалдырайт. Экөөбүз чыры чуу болуп жаткан учурда, уулум кирип келди, дагы эмне болду деп, келиним ыйлап жиберди. Дагы күнөөлүү менби, үй жыйылбаса, тамак жасалбаса, сенин аялың келгиче биз ачка отурбайбыз да, өзүм тамак ашты да жасап койсом деп мен да ыйлап алдым. Ортодо уулум аялын окуусуна жиберип, мени сооротуп калды. Мен бир аздан кийин уулум жумушуна кеткен соң, сиңдими чакырттым. Үйдө болуп жаткан окуяларды айтып бердим. Эже ушундан көрө азыр эптеп ажыратып салалы, же сизге пайдасы тийбесе, же башкага. Баягы мен тапкан кыз дагы эле бар, ошону алып берип коёбуз деди. Кантип ажыратабыз ага бир чоң шылтоо болбосо дедим. Эгер кааласаңыз аракет кылсаңыз, шылтоо деле табылат деп, айтчу сөзүн айтып кетти. Ажыратуу оюма келген эмес, болгону келин үйдө отурбай, окууганы ачуумду келтирчү. Билинбей убакыт өтүп жатты, арада кээде баягындай майда чүйдө нерседен уруш чыгарам, келиним унчукпайт, ыйлап эле кирип кетет. Бир жолу мейманга бармай болуп даярданып жаттым, жакшыраак кийим таппай, шкафтагы болгон кийимдердин баарын чачтым. Келиним улам анысын, мунусун көрсөтүп жатты, жакпайт. Сени алгандан бери жарытылуу эч кандай кийим деле кийе элекмин, же ата энең жакшы сарпай жасаган жок, келиндин аягынан дейт деп сүйлөнуп жатып мейманга кеттим. Меймандан кеч келдим, келсем уулум дагы эле жумушунан келе элек экен. Келинден сурасам, кошумча жумуш алдым деген болчу, биз эми көбөюшүп калбадыкпы апа деп жаткан жеринен, иии кыйраттың, ошол магистратураңда окуп кыйраткандын ордуна, иштесең болбойт беле, күйөөңө жардам болмок. Балам байкушту кыйнабай деп жатсам, уулум да келип калды. Чайга олтурары менен сүйлөнө баштадым, эмнеге кошумча жумуш алдың, эмнеге өзүңдү кыйнап жатасың? - Апа мен кыйналбай элемин, жакында келиниңиздин акыркы контракттын төлөш керек, ошон үчүн кошумча жумуш таптым. Болбосо сиз акча десек дагы түшүнбөйсүз, деп айтканда, ачуум чындап келди. Бул кандай аял алгансың, ушул келген күндөн бери же үйдө тынчтык жок, же береке жок, эми аз келгенсип контракттын да төлөш керекпи? - апа, аял алгандан кийин аны мен камсыз кылам да, акыркы контрактты, ата энеси ушунча жыл төлөп окутса, биз бир жылына кантип чыдай албайбыз, бирөө жарым укса уят апа дей баштады. Ал түнү катуу урушуп кирип кеттим, уктай албай кыйналып. Эртең менен эрте синдиме бардым, түндө болгон окуяны айтып бердим, уулум келиндин талабын талашып эле турат, мени такыр укпай калды деп ыйлап да алдым. Синдим, эже келиниң бакшы кожо кылып, уулуңду дуба кылдырып алган окшойт, сага бир дарек берем.Чалып билип алып бар, аябай күчтүү көзү ачык. Бир амалын кыл деп, ошол көзү ачыктын дарегин жазып берди. Үйгө келип кечке ойлонуп акыры, ошол көзү ачыкка бармай болуп телефон чалып сүйлөштүм. Эртеси айткан убагына даярданып, керек деген нерселерди алып жөнөп кеттим. Чоң жолго келип, адам өтүүчү жерден өтүп жаткан учурда, катуу бир нерсе тийгендей болду, калганын билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын, жанымда уул келиним, кызым. Баары апакелеп ыйлап алышкан.
Эмне болду деп сурадым, сизди машине коюп кетип, бутуңуз эки жерден сынып, баш мээ чайкалган. Бутуңузга операция жасалды, бир эки айда буюрса айыгып кетесиз деп жатышты. Ошондо гана сездим, бүт денем ооруп жатканын.
Он күндөн ашуун жаттым ооруканада, анан үйгө носильке менен көтөрүп келишти. Он күн жөн жаткан жокмун, оюм баары уулум менен келинимде болду, Кудайым мени жазалады, кайсыл жерден жаңылдым? Кайсы күнөөм үчүн деп өзүмдү өзүм жеп жаттым. Үйгө келгенде кызыман сурандым, мени өзүң кара, кимге жалдырайм деп.Апа үйдө кайын ата, кайын энем, эки балам кантип аларды таштап, сизди келип карайм? Кайын энемди билесиз, ал киши макул болбойт апа деп айтты. Келиңиз, уулуңуз барго карашат, кыжаалат болбонуз деп, кызым үйүнө кетти. Ооруканадан чыккан үчүн сиңдим да келген, ага да айттым, сен кара мени деп. Менин күйөөм, балдарым не болот, келиниң менен уулуң турбайбы деп ал да кетти. Ичимен тобоо кылдым, чындап мен жактырбай жаткан келиним менен уулум карай башташты. уулум кечке жумушта, келиним кечке өзү карап жатты. Улам ыссык тамак жасайт, китеп окуп берет. Колу башымды укалап берет. Өз ичимен чыккан кызым, бир боор бир тууганым карабай, өз оокаттарын ойлоп кетип калды, ал эми келиним канча урушуп, көңүлүн оорутсам да, кабагым кашым дебей карап жатты. Туура айткан экен кыргызда, тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы деп. Келинимин тарбиясы мыкты тура, уулумду сыйлап, жакшы көргөн үчүн мага жакшы мамиле кылып жатты. Ыйманы, адеби бар тура, мен болсо ушул жашка чыгып акылым эми келип атса. Мага караганда уулум көрөгөч тура, өмүрлүк жарын туура тандап.
Эки ай жаттым, ошол эки ай ичинде кызым, эки үч жолу араң келип, кабар алып кетти. Ошондо даана акылсыздык кылганымды түшүнүп, ичимен уялып турдум. Болор болбос нерсе үчүн, жаңы үйлөнгөн уулумду да тынч койбой, келиним байкушту канча урушуп. Мени карайм деп окуусуна да барбай калды, кийин эми эмне болот деп сурасам, апа сиз ойлонбоңуз, азырынча академ алдым. башкысы сиз айыгып биздин маңдайда отуруңуз, уулуңуз да сизди ойлоп кыйналып кетти деп айтканда, жер жарылып мен кирип кетпедим. аттиң ушундай акыл эстүү келинимди жактырбай, уят, уят деп өзүмдү өзүм ичимен жемелеп жаттым. Көрсө жашы өтүп калган кезде эң мыкты касиет бул сабыр болот тура, бир аз сабыр кылып турганымда баары башкача болмок экен.
(автор. Динара Сулайманова)
Бул баяндамадан эмнени алдык урматтуу окурман, эң негизгиси жашоодо керек болучу касиет, бул сабыр. Бул каарман апанын жашы улуу болсо да бир аз көрөгөчтүгү, сабыры аздыгы акыры өзүнө эле кыйын болду. Адеби жакшы келинге түшкөнү аябай жакшы болуптур, башка өзүнө окшогон сабыры аз келин болгондо кайын энени кыйын күндө карайт беле? - ким билсин. Келин жаман болбойт кыргызда, келиндин келген жеринен көп нерсе. Эне бул акылдуу, боорукер, өз баласын бактылуу болушун каалайт, каарман апа акыры түшүнгөнү жакшы болду.Башкаларга сабак болсун.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6