Ар дайым боюнан түшүртүп аборт жасата берген келин бул жолу да аборт жасатууну көздойт бирок мөөнөтү чоңоюп кетип айла жок баласын жарык дүйнөгө алып келет.
Ошентип 2003- ж.28 - январында келин кыз төрөйт ага Диана деп ысым ыйгарылат. Өзү каалабаган наристенин жарык дүйнөгө келишине нааразы болгон аял кызга мээрим төгүп бөпөлөмөк тургай 3 жашка чыккыча кордоп күн өткөрөт. Диана 3 жашка чыкканда апасы аны балдар үйүнө тапшырып кутулат, балдар үйүндө массажист болуп эмгектенген Ирина Поник карагаттай көздөрү муңдуу караган кичинекей кызга мээримин төгүп өзгөчө жакшы көрүп кызды багып алууга ойлонот.
Көп өтпөй Ирина айым 3 жашар кызды өз карамагына алып кызындай көрүп багып алат. Диананын өз апасы кызын көрүүнү каалабагандыктан Ирина Поникке "бул жерлерден алыска кетүүсүн" сунуштайт. 2012- ж Ирина кызын алып Толятти шаарына келип жашоосун улантканга аргасыз болот. Толяттиге келгиче Диананын көз алдына кичине кезинде өз апасынын ургандары кагып силкип адам ордуна көрбөй мамиле кылганы элестеп денесин калтырак басып кыйналып жүргөнүн көз алдыңыздарга келтириңиздер.
Жаңы шаар эне - кызга жаңы жашоону жаңы ийгиликтерди тартуулап Дианага ар кандай балдар конкурстарына катышууга ырчылык талантын өркүндөтүүгө жол ачылат. Диана "Мелодия" вокалдык студиясынан сабак алууга каттай баштайт. Натыйжада өспүрүмдөрдүн "Голос" телеберүүсүнө, "Ты супер" телешоусуна катышып ийгиликтин чокусун багынтуу бактысына ээ боло алат. Андан тышкары канча кароо сынактарга катышып 1- орунду бербей келет. Эстрада ырчысы Нюша менен болгон дуэтин эл абдан жакшы кабыл алып Диананын көпчүлүккө таанылуусуна жол ачылат.
Жакында жаштыгынан кыялданган оюун ишке ашырып Диананын продюссери Москва шаарынан квартира белекке берди. Диана өзгөчө үнгө ээ абдан таланттуу кыз ырдоодон башка сүрөт тартууну да келиштирет. Игор Крутойдун айтуусу боюнча Диана Анкудинова "Детское Новая волна" конкурсунда Россиянын намысын талашмакчы.
Диана мындан ары да ийгиликтерди багынтып жүрө бер, эл сүйгөн дүйнөгө таанылган жылдыздардын катарын толукташыңа тилектешмин. Диана биологиялык апасын эстегиси келбейт жана өз апасы деп Иринаны эсептейт. "Тапкан эне эмес баккан эне" - дегендей Диананын вокалдык талантын байкап кызынын ийгиликтерди жаратуусуна ишенип ар тараптан колдогон апасы Ирина Поник айымга даңк!
Сара Камалова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2